Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти экспорттоого арналган айыл чарба өндүрүмүнө карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти экспорттоого арналган айыл чарба өндүрүмүнө карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери 2021-жылдын 10-сентябрынан 16-сентябрына чейин республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 13 839 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү.

Өткөн жумага салыштырмалуу Кыргыз Республикасынан 1 миң 496 тоннага көп экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин сакталышы менен таанышты.

Show More
Back to top button