Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бүгүн Кыргыз  мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунда Чүй жана Ысык-Көл облустарынын фермерлери жана уруктандыруучу техниктери үчүн уйларды жасалма жол менен уруктандыруу ыкмалары боюнча окуу семинарлары өттү.

Бул семинарлар “Кыргыз Республикасында бодо малдын кыргыз тукумун жакшыртуу жана мал чарбасынын продуктуулугун жогорулатуу программасын иштеп чыгуу” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бул долбоордун максаты айыл чарба потенциалын жогорулатуу, жасалма уруктандыруу боюнча окутууну каржылоо жана фермердик чарбаларды тоңдурулган жогорку сапаттагы үрөн материалы менен камсыздоо жаатында кызматташууну түзүү болуп саналат. Долбоордун негизги максаты – мал чарбачылыгында биотехнологияны кеңири колдонуу аркылуу асыл тукум малдын санын жакшыртуу жана көбөйтүү.

Долбоордун дагы бир маанилүү компоненти – мал чарба тармагында квалификациялуу кадрлардын өсүшү. Фермерлерди жана уруктандыруу боюнча техниктерди жаңы ыкмаларга жана технологияларга үйрөтүү бул багыттагы билим жана көндүмдөрдүн деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бул аларга чарбаны натыйжалуу башкарууга жана жакшы натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, 2021-2023-жылдар аралыгында ишке ашырылган долбоордун алкагында Түштүк Кореядан жакшыртылган кореялык голштейн-фриз породасынын 5 миң доза үрөндүк материалы алынып келинген. Ошондой эле, жергиликтүү малды жакшыртуу үчүн швиц жана абердин-ангус породаларынын уруктары пайдаланылса, 2023-жылы асыл тукум урукту топтоо жана жайылтуу максатында Чехиядан голштейн-фриз жана симментал породасындагы букалар пилоттук аймактарда запастар толтуруу максатында алынып келинген.

Show More
Back to top button