Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Айыл чарбасында климатка туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоору боюнча макулдашууларга кол коюлду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Айыл чарбасында климатка туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоору боюнча макулдашууларга кол коюлду

2023-жылдын 13-декабрында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 40 млн АКШ долларына каржыланган “Айыл чарбасында климатка туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоору боюнча кредиттик жана гранттык макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.
Агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү – айыл чарба тармагын жаңы рынокторго чыгаруу жана өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маанилүү багыт болуп саналат. Бул максатта Кыргыз Республикасы Азия өнүктүрүү банкынын командасы менен бирдикте жашылча-жемиш өстүрүүдөгү кошумча нарк тизмегинин катышуучуларын колдоо боюнча долбоордун дизайнын иштеп чыкты.
Аталган долбоор ички жана эл аралык рынокторго жаңы жана кайра иштетилген жашылча-жемиш продукцияларын жеткирүүнү көбөйтүүгө, Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жашылча-жемиш өстүрүү секторунда киреше алып келүүчү жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Долбоор эки багытта иш алып барат:
Биринчи багыт: соода-логистикалык борборлорду, сактоочу жайларды, баштапкы кайра иштетүүчүлөрдү, даярдоочуларды, агрегаторлорду, логистикалык компанияларды жана мөмө-жемиш өстүрүүнүн өндүрүштүк-сатуу тизмегинин башка субъекттерин өнүктүрүүнү колдоо үчүн банктардын кредиттерин көбөйтүү болуп саналат.
Экинчи багыт: жашылча-жемиш өстүрүүдөгү нарк чынжырларын бекемдөө боюнча иш алып барат.
Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун жалпы бюджети 40 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 20 млн АКШ доллары – кредиттик каражаттар жана 20 млн АКШ доллары – гранттык каражаттар.
Долбоордун алкагында тандалып алынган кошумча нарк тизмегинин катышуучуларына жеңилдетилген насыяларды берүүгө 36 млн АКШ долларын берүү каралууда.

Show More
Back to top button