Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министрдин орун басары М. Алияскаров Ош облусундагы кооперативдердин ишмердүүлүгү менен таанышты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министрдин орун басары М. Алияскаров Ош облусундагы кооперативдердин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 16-февралда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы “Элдик тех сервис” айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аталган кооперативге Министрлик тарабынан жана Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында ишке ашырылып жаткан “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 13 240 000 сомго 12 даана трактор, 1 жүк ташуучу Хово автоунаасы, 1 даана пресс жасоочу жана башка жер айдоочу, жем чыгаруучу шаймандар сатылып алынган.
Мындан сырткары Маил Алияскаров “Чоң-Бүлөлү” айыл чарба кооперативин көрүп чыкты. Министрлик тарабынан жана Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында ишке ашырылып жаткан “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында эт кошумча нарк чынжырчасынын алкагында 11 фермерге 29 900 000 сомго Голштин фриз, Симментал жана Швиц породасындагы 144 баш асыл тукум ири мүйуздүү малдар сатылып алынган.
Иш сапардын соңунда Министрликке караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин жана Ош адистештирилген көзөмөл-токсикологиялык лабораториянын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жогоруда аталган эки лабораториянын имараттары министрлик тарабынан Дүйнөлүк Банктын Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында ишке ашырылып жаткан “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 10 397 870 сомго ремонттон өткөрүлүп, 38 000 000 сомго лаборатордук шайман жана офистик жабдуулар менен камсыздалды.

Show More
Back to top button