Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бишкек жана Ош шаарларындагы кыймылсыз мүлккө болгон баалар – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бишкек жана Ош шаарларындагы кыймылсыз мүлккө болгон баалар

2023-жылдын 11-айына карата кыймылсыз мүлк рыногунун активдүүлүгү 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкек жана Ош шаарларында ар түрдүү өнүккөн.

Бишкек шаарында сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнүн саны жеке турак үйлөр боюнча 1,6 пайызга, батирлер боюнча 11,13 пайызга өскөн.

Ош шаарында өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу жеке турак жай рыногунда да (-3,85%) жана батирлер рыногунда да төмөндөө (-9,36%) байкалууда.

2023-жылдын 11 айында 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкек шаарындагы батирлердин чарчы метринин наркы 19,3% га өстү (1-сүрөт).

         1-сүрөт.

Ош шаарындагы батирлердин чарчы метринин баасы 7,8% га кымбаттады (2-сүрөт).

         2-сүрөт

Бишкек шаарында 104-сериялуу бир бөлмөлүү батирлердин чарчы метри 22% га, 105-сериялуу – 25,9% га, 308-сериялуу-26,7% га жана жеке типтеги батирлер 5,6% га кымбаттаган.

104-сериялуу эки бөлмөлүү батирлер 23,5% га, 105-сериялуу – 22,5% га, 308-сериялуу – 23,6% га, жеке типтеги батирлер 11,1% га кымбаттады.

104-сериялуу үч бөлмөлүү батирлер 18,1% га, 105-сериялуу-24,4% га, 308-сериялуу-18,1% га, жеке типтеги батирлер 7,1% га кымбаттады.

Жеке типтеги төрт бөлмөлүү батирлер 13,9% га кымбаттады (1-таблицаны кара).

Таблица 1. Бишкек шаарынын райондорунун 2023-жылдын 11 айындагы батирлердин баасы (АКШ долл.).

Район1-б.2-б.3-б.4-б.
Ленин2022295953947852109107571
2023348244656359083110808
Биринчи май2022296694010852142102086
2023359104833162745133142
Свердлов2022284213980853078104707
2023342084773664735111729
Октябрь202229875416555431397056
2023362824997364497122972

2023-жылдын январь–ноябрында 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкек шаарындагы (бардык райондордо-2-таблица) жана Ош шаарындагы (3-таблица) жеке турак үйлөр кымбаттады.

Таблица 2. Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн 2023-жылдын 11 айындагы баалары (миң сом).

Бишкек ш. райондору2022 январь-ноябрь2023 январь-ноябрь↑-өсүү, % ↓-төмөндөө, %
Ленин72969653↑32,3
Биринчи май52526492↑23,6
Свердлов48876455↑32,08
Октябрь1090414017↑28,55
Орточо баа, миң сом7085915429,2

Таблица 3. Ош шаарындагы турак үйлөрдүн 2023-жылдын 11 айындагы баалары (миң сом).

Ош шаары2022 январь-ноябрь2023 январь-ноябрь↑- өсүү, % ↓- төмөндөө, %
Средняя цена, тыс. сом4823572918,78
Show More
Back to top button