Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Түрк мамлекеттер уюмунун айыл чарба министрлеринин экинчи жолугушуусу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Түрк мамлекеттер уюмунун айыл чарба министрлеринин экинчи жолугушуусу

2023-жылдын 26-сентябрында Баку шаарында ТМУ (Түрк мамлекеттер уюму) өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлеринин экинчи жолугушуусу болуп өттү. Министрлердин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Коммюникеге кол коюлду, анда жакынкы келечекте кызматташуунун негизги багыттары аныкталды.

Ошондой эле агроөнөр жай комплексиндеги экономикалык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө, анын ичинде соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана мүчө мамлекеттер менен байкоочулардын ортосунда өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берүүчү «Экинчи түрк агробизнес форуму» өттү.

Иш-чараларга Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин биринчи орун басары Мурат Раматов, Азербайжан Республикасынын Айыл чарба министри Мажнун Мамедов, Казакстан Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Абулхайыр Тамабек, Түркия Республикасынын айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы жана байкоочу өлкөлөрдүн, Венгриянын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын айыл чарба министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Ошондой эле тиешелүү ведомстволордун жооптуу кызматкерлери, адистештирилген уюмдардын жана алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү, эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз тарап ТМУ өлкөлөрдүн интеграциясы айыл чарба кызматташтыктык өнүгүүсү жаатында стратегиялык мааниге ээ экендигин билдирди.

Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жана Баку-Тбилиси-Карс багыттарын бириктирүү долбоору Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна ТМУ бардык мүчө-өлкөлөр үчүн экономикалык өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп калышы мүмкүн экени белгиленди жана өлкөлөр ортосундагы жүктөрдүн транзиттик баасын төмөндөтөт, бул акыр аягында кошумча инвестицияларды жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартат.

Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшү, кыртыштын бузулушу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана айыл чарбасын өнүктүрүүдө олуттуу кыйынчылыктарды жараткан башка экологиялык чакырыктар сыяктуу факторлорду эске алуу менен “акылдуу айыл чарбаны” биргелешип колдонуу жаатында өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле ФАОнун субрегиондук координатору – м.а. ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Виорел Гуту талкууланган негизги маселе Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы ФАОнун Кыргыз Республикасында өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө өлкөлүк макулдашууну түзүү болду.

Show More
Back to top button