Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылынын 21-июлунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ал инвестицияларды тартуу, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана жарандар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам менен “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

– сугат айдоо жерлерин Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропорт куруу үчүн бөлүнгөн жерлерге которууга (трансформациялоого) мораторий жайылтылбайт;

– айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготуулары жана жоготулган пайдасы аэропортту куруу жана Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында аныкталган мамлекеттик милдеттерди ишке ашырууда орду толтурулбайт.

Show More
Back to top button