Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстан-Кытай ортосунда соода мүмкүнчүлүктөрү өсүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстан-Кытай ортосунда соода мүмкүнчүлүктөрү өсүүдө

2023-жылдын 11-августунда Айыл чарба министринин орун басары
С.Н. Насирдинов Кытайдан Кыргызстанга лайм, лимон жана алмурут экспортун жана Кыргызстандан Кытайга алча (кокон гилас) экспортун өнүктүрүү боюнча ГуанДун Юнонг компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы эл аралык сооданы өнүктүрүү жана ишкердик кызматташууну кеңейтүү боюнча иш-чаралардын алкагында Кытайдан Кыргызстандын аймагына жаңы лайм, лимон жана алмурутту экспорттоого көмөктөшүү боюнча маанилүү жыйын өттү.

Катышуучулар бул мөмө-жемиштерди экспорттоо жана импорттоо жаатында кызматташуунун негизги аспектилерин талкуулап, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы сооданы көбөйтүү боюнча иш-чаралардын иштеп чыгууну макулдашышты.

Талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөрдү камтыды:

1. Соода мүмкүнчүлүктөрү

2. Тараптар продукциянын сапаты боюнча маселелерди талкуулашты жана керектөөчүлөргө жаңы, коопсуз жана жогорку сапаттагы жемиштерди жеткирүү үчүн зарыл стандарттарды макулдашышты.

3. Катышуучулар натыйжалуу жеткирүүнү камсыз кылуу жана убакыттын кечигүүсүн азайтуу үчүн логистиканы жана жемиш ташууларын оптималдаштыруунун мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты.

4. Талкуунун маанилүү бөлүгү Кыргызстандын рыногунда өнүмдөрдү жылдыруу стратегиялары маселеси болду. Тараптар маркетинг кампаниялары жана илгерилетүү ыкмалары боюнча тажрыйба жана идеялар менен алмашышты.

5. Катышуучулар эки өлкөнүн ортосундагы сооданын туруктуу өнүгүшүнө салым кошкон узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Бул жолугушуу Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, соода жана ишкердик чөйрөсүндө достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого салым кошот.

Show More
Back to top button