Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукцияны экспорттоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукцияны экспорттоо

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 2023-жылдын 10-17-мартына карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 13 миң 204 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү, анын ичинен:

  • Чүй областынын карантинге алынуучу продукциялары 9 миң 023 тоннаны түздү. Алар: жашылчалар-4529,4 т. Казакстанга, Россияга Польшага, дан эгиндери–2105,15 т. Россияга, Казакстанга, Афганистанга, жаңгактар – 676,8 т, Россияга, Казакстанга, Иранга, кургатылган жемиштер-531,7 т. Россияга, Казакстанга экспорттолгон. Калган жана башка продукциялар: (жыгач материалдары-135 т., картон коробка-276 т., мөмө-жемиштер-328,3 т., көчөттөр-10,33 т., уруктар-20 т., картошка-44,9 т., бакча өсүмдүктөрү-118,4 т., тамак-аш азыктары-36,6 т, жыгач материалдар-135 т., өнөр жай товарлары-43 т., жем-22,800 т., ж.б. товарлар-144,8 т.) ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  • Андан кийин карантинге алынуучу продукциялардын экспорттук көлөмү боюнча, Талас областы 1 миң 914,6 тоннаны түзүп, анын ичинен: (буурчак өсүмдүктөрү–1220,96 т., Россияга, Сербияга, Македонияга, Казахстанга жана Грузияга, картошка-54,71 т., Казакстанга. алма-599,15 т,  Казакстанга, күн карама уруктары-39,87 т. Казакстан) өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  • Баткен областынан 1090 тонна карантинге алынуучу продукциялар башка өлкөлөргө экспорттолгон. Алар (картошка-339 т., жүгөрү-261 т., пияз-50 т., жаңгактар-34 т.) Өзбекстанөлкөсүнө экспорттолгон.
  • Ош областынан жума ичинде 919,2 тонна продукциялар экспорттолгон. Анын ичинен: (жашылча жер жемиштер-136 т. Россияга, кургатылган жемиштер-220,4 т. Россияга, башка өндүрулгөн товарлар-497,9 т. Россияга, Турцияга, цитрус-2 т. Россияга, мөмө жемиштер-2,1 т. Россияга, азык-түлүк продукциялар-60,8 т, Россия, Турция, Иран өлкөлөрүнө) экспорттолгон.
  • Жалал-Абад областынан 157,4 – тонна (пахта буласы-123,5 т. Россияга, Латвияга, кургатылган абрикос-2 т, алма-7,1 т, жаңгактар-19,3 т. , сабиз-0,4 т., күрүч-5,1 т.) Россия өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  • Ыссык-Көл областынан – 100,192 тонна (үрөндүк картошка, эспарцет, жашылчалар, кургатылган мөмө-жемиштер) экспорттолгон жана 897 даана көчөттөр Казакстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button