Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз-Казак кызматташтыгы: айыл чарба тармагындагы келишимдер – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргыз-Казак кызматташтыгы: айыл чарба тармагындагы келишимдер

2023-жылдын 23-сентябрында, Тараз шаарында (Казакстан Республикасы) I кыргыз-казак аймактар аралык форуму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Алихан Смаилов бул форум аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн диалог аянтчасы болорун белгилешти.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен Казакстан Республикасынын Актөбө облусунун акимиатынын акиминин ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө меморандумга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Казакстан Республикасынын Шымкент шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

4. Айыл чарба тармагындагы кызматташтык жөнүндө:

4.1. Тараптар ведомстволор аралык кыргыз-казак түзүлгөн жумушчу топтун алкагында айыл чарба тармагындагы иштерди улантуу;

4.2. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы жаатында илимий-изилдөө институттарынын ортосундагы кызматташтыкты улантуу;

4.3. Айыл чарба продукцияларын көлөмүн көбөйтүүгө жана алардын ассортиментин кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү;

4.4. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун сыноо чөйрөсүндө жаңы сортторду жана гибриддерди алмашууну улантуу;

4.5. Ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошумчаларынын сапатын контролдоо боюнча “Ветеринария боюнча улуттук референттик борбор” республикалык мамлекеттик ишканасында окутуу иштерин улантуу;

4.6. Өсүмдүктөрдүн карантини өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдерди, өсүмдүктөрдүн ооруларын жана отоо чөптөрдү аныктоого чек арага жанаша жаткан аймактарды изилдөө иш-чараларын жүргүзүүнү кайра баштоо;

4.7. Тараптар жыл сайын өз ара берүүлөрдү кеңейтүү үчүн айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн тизмелерин (байланыш маалыматтары менен) дипломатиялык каналдар боюнча алмашышат.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак аймактар аралык форумунда: 60 млн доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (www.gov.kg)

Show More
Back to top button