Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2023-жылдын 16-23-мартына карата карантинге алынуучу продукцияны экспорттоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2023-жылдын 16-23-мартына карата карантинге алынуучу продукцияны экспорттоо

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 2023-жылдын 16-23-мартына карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 16 миң 226 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү, анын ичинен:

  • Чүй облусунун карантинге алынуучу продукциялары 11 миң 592 тоннаны түзүп, анын ичинен: жашылчалар – 3813,8 тонна (РК, Польша, Украина, Афганистан, Беларусь), дан эгиндери – 3006,45 тонна (РФ, РК, Афганистан), жаңгактар – 742,595 тонна (РФ, КР, Иран), кургатылган жемиштер – 412,914 тонна ( РФ,РК) экспорттолду. Ошондой эле 3616 тонна (мөмө жемиштер, урук, тамак-аш азыктары) ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  • Талас облусунун  карантинге алынуучу продукциялары 2 миң 180 тоннаны түзүп, анын ичинен: буурчак өсүмдүктөрү – 1189,3 тонна (Россия, Сербия, Македония,   Казакстан, Грузия),         картошка – 79,92 тонна (Казакстан), алма – 703,25 тонна (Казакстан), кургатылган алма – 0,15 т.(Казакстан), пияз – 130,4 тонна (Сербия, Россия), жем – 4 тонна (Казакстан), ашкабак – 19,8 тонна (Казакстан) ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  • Ош облусунан 1 миң 134 тонна карантинге алынуучу продукциялар башка өлкөлөргө экспорттолгон, анын ичинен: кургатылган жемиштер – 702,8 тонна (Россия), жашылча жер жемиштер – 94,7 тонна (Россия, Казакстан), башка өндүрүлгөн товарлар – 270,4 тонна (Россия, турция, Иран), көчөттөр – 238980 даана (Россия) жана аз өлчөмдө 34 тонна (тамак-аш, ашкабак) продукциясы башка өлкөлөргө экспорттолгон.
  • Баткен облусунан 1 миң 079 тонна карантинге алынуучу продукциялар: картошка – 773 тонна, жүгөрү – 218 тонна, күн карама – 38 тонна, башка өндүрүлгөн продукциялар – 50 тонна, жана 450 даана көчөт Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.
  • Жалал-Абад облусунан 132,6 тонна алма, сабиз, зире (Россия, Германия, Турция)өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  • Ыссык-Көл областынан – 108,5 тонна көк чай, эспарцет, жашылчалар, кургатылган мөмө-жемиштер жана 2491 даана көчөттөр (Казакстан) өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button