Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбеков Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү, элчи Эдуард Аур жана анын делегациясы менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбеков Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү, элчи Эдуард Аур жана анын делегациясы менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин орун басары Анн Моулин, Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү, элчи Эдуард Аур жана анын делегациясы менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Улуттук суу стратегиясынын (УСС) алкагындагы реформалардын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле, кеңештин биринчи жыйыны сентябрь айында өтөөрүн жана ноябрь айынын аягында бул стратегия кабыл алынаарын айтты. Мындан тышкары, министр бул стратегияны кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин аппаратынын жетекчисинин иш тартибине, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу процедураларынын бүтүшүнө байланыштуу экендигин белгиледи.

Элчи, ЕБ өкүлү Эдуард Аур министр Аскарбек Джаныбеков менен болгон мурунку жолугушуудан жасалып жаткан иштеги оң тенденция байкалгандыгын белгиледи. Ошондой эле, ал ЕБ суу тармагына мындан ары иш алып барууга каржылык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи. ЕБнин бюджеттик колдоосу грант түрүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине транш түрүндө которулат.

Дүйнөлүк Банктын менеджери Навиид Накви министрликтин алдындагы Мамлекеттик суу агенттиги иштеп чыккан бир нече жигердүү долбоорлорду каржылап жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, учурда Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарына курула турчу бассейндерге каржылык колдоо көрсөтөт. Келечектеги долбоорду каржылоонун жарым пайызы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттиги аркылуу жүзөгө ашырылат деп күтүлүүдө. УССнын кабыл алынышы суу тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берет. Суу тармагындагы жаңы долбоорду каржылоо кеминде 60 миллион АКШ долларын түзөт деп күтүлүүдө. Бул сумманын жарымы грант түрүндө, жарымы жеңилдетилген пайыз менен насыя (0%) түрүндө берилет.

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин орун басары Анн Мулен Швейцария Өкмөтү суу багытындагы долбоорлорду ишке ашырууда колдой тургандыгын белгиледи. Ошондой эле, ал Кыргыз Республикасынын Суу кодекси ар тараптуу экендигин, УССны кабыл алууда Жол картасын расмий бекитүүнүн мөөнөтүн кайра карап чыгууну жана анын маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушунун жыйнытыгында, сентябрь айында Улуттук суу стратегиясын курамын бекитүү жана биринчи отурумун өткөрүү, ноябрь айынын аягында стратегияны кабыл алуу жана Жол картасынын пункттарын ишке ашыруу мөөнөттөрүн кайра карап чыгуу тапшырылды.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button