Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өлкөдө айыл чарба малдарды идентификациялоо уланууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Өлкөдө айыл чарба малдарды идентификациялоо уланууда

Өлкөдө айыл чарба малдарды идентификациялоо уланууда,  2023– жылдын I – кварталына карата республика боюнча 143,5 миң баш ири мүйүздүү мал, 0,8 миң баш чочко, 542,1 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына (мындан ары – ЖИКС) каттоого алынууда.

Мурун асыл-тукум кой-эчки чарбаларын идентификациядан өткөрүп келген болсок, 2023–жылы республика боюнча кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ветеринардык кызматынын 6.03.2023-жылкы № 60  буйругу чыгарылып, Араван, Кемин, Түп райондору                    пилоттук райондор катары аныкталды. Бүгүнкү күндө пилоттук райондордо 41,5  миң  баш кой-эчкилер  идентификациядан өткөрүлүп, иш-чаралар уланууда.

Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын ыкчам башкаруу үчүн 2022–2026–жылдары “Кыргыз Республикасында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө үчүн комплекстүү акылдуу системасын түзүү аркылуу жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугун жогорулатуу” боюнча долбоорун ишке ашыруу максатында Корея Республикасынын эксперттери иш сапарга келип, Чүй облусундагы мал союучу жайлары, жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү ишканалары, базарлары менен таанышып, изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  алдыда аткаруучу иштер белгиленди.

Учурда айыл чарба жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо  иш-чаралары үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Show More
Back to top button