Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков брифинг учурунда Президент С. Н.Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон  иш сапарынын алкагында айыл чарбасындагы натыйжалуу сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу маалымат берди. – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков брифинг учурунда Президент С. Н.Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон  иш сапарынын алкагында айыл чарбасындагы натыйжалуу сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу маалымат берди.

Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков брифинг учурунда Президент С. Н.Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон  иш сапарынын алкагында айыл чарбасындагы натыйжалуу сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу маалымат берди. Эки өлкөнүн айыл чарба кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган үч негизги документке өзгөчө көңүл бурулду.

Министр кеңири айтып берген биринчи жетишкендик – Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу ашкана жүзүмүнө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколу болду. Аскарбек Джаныбеков белгилегендей, бул протокол фитосанитардык стандарттарды жана талаптарды сактоо менен жогорку сапаттагы ашказан жүзүмүн Кытай рыногуна экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

Экинчи маанилүү документ болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана айыл министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга карата айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташуу планы эсептелет. Кызматташуу планы айыл чарба тармагында эки өлкө ортосундагы узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташуунун пайдубалы экенин баса белгиледи. Ага тажрыйба алмашуу, технологиялык жардам,өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана агротехнология сыяктуу ар кандай тармактардагы биргелешкен долбоорлор кирет. Бул планды ишке ашыруу айыл чарбасынын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстан менен Кытайдын айыл жерлерин туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Үчүнчү маанилүү жетишкендик – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Хэбэй Бай Доу Цзя ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу. Министр, бул макулдашуу Кыргызстандын агрардык тармагын өнүктүрүү үчүн маанилүү түрткү болуп, айыл чарба инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди. Кыргызстанда жер семирткичтерди өндүрүү импортко кеткен чыгымдарды кыскартат жана фермерлер үчүн сапаттуу агрохимикаттардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Show More
Back to top button