Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Буудай унун ташып чыгууга тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү боюнча арыздарды кабыл алуу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Буудай унун ташып чыгууга тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү боюнча арыздарды кабыл алуу

Буудай унун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) ташып чыгууга тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүгө арыздарды кабыл алуу

“Кыргыз Республикасынын айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 токтомунун 2 жана 3 пунктарын негизинде, Комиссия Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге буудай унун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) ташып чыгууга тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүгө документтерди кабыл алат.

Керектүү документтердин тизмеси:

  •  байланыш маалыматтары менен бланктагы арыз;
  • уставдын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү;
  • буудай унун жеткирип берүүгө контракттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • арыз берген адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган документ (документтин көчүрмөсү);
  • 2021-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-октябры кошо алган мезгил ичинде буудай унун өндүрүүнүн көлөмү жөнүндө маалымат.
  • документтер өкүлү аркылуу берилген учурда – ишеним кат, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;
  •  байлагыч (скорошиватель).

Кошумча маалымат алуу үчүн Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнө кайрылыңыздар, телефон номерлери: +996312623644, +996706025170, +996999766655.

Show More
Back to top button