Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстанда органикалык өндүрүш боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда органикалык өндүрүш боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты

“Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун негизги максаты органикалык өндүрүштү укуктук жөнгө салуу, Кыргыз Республикасында органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана стимулдаштыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, продукцияны керектөөчүлөр үчүн органикалык өндүрүштүн коопсуздугуна кепилдиктер системасын түзүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жана органикалык продукциянын экспортун көбөйтүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана органикалык өндүрүштү укуктук жөнгө салуу максатында бул мыйзам долбоору төмөнкү негизги милдеттерди ишке ашырууга багытталган:

  • адамдардын ден соолугун, азыркы жана келечек муундардын турмуш шартын жакшыртуу жана коргоо;
  • айлана-чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, органикалык өндүрүш чөйрөсүндө экологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо;
  • ички рынокту өнүктүрүү, органикалык продукцияны импорттоо жана экспорттоо, органикалык өндүрүштүн, коомдун жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын жөнгө салуу үчүн шарттарды түзүү;
  • органикалык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана аларды кара ниет атаандаштыктан коргоо;
  • органикалык өндүрүштүн эрежелерин жана шарттарын аныктоо, органикалык өндүрүштүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык келиши;
  • органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана органикалык продукциянын жүгүртүүсү жөнүндө маалыматтардын эркин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • реалдуу жана жетүүгө мүмкүн болгон көрсөткүчтөрдүн негизинде органикалык продукцияны жүгүртүү жана маркалоо үчүн шарттарды түзүү;
  • органикалык продукциянын коопсуздугу үчүн шарттарды түзүү жана керектөөчүлөрдү алдамчылыктан, адаштыруудан жана жасалма (контрафакттык) продуктыны сатып алуудан коргоо;
  • ак ниеттүү органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдү органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына жооп бербеген продукцияны өндүрүүчүлөрдөн коргоо;
  • органикалык өндүрүш боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине коомчулуктун пикирлерин, кызыкчылыктарын жана катышуусун эске алуу үчүн коомчулуктун маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу.
Show More
Back to top button