Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жерлерди мыйзамсыз басып алуу жана максатсыз пайдалануу фактылары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жерлерди мыйзамсыз басып алуу жана максатсыз пайдалануу фактылары

2023-жылдын 2-августтунда, жерлерди мыйзамсыз басып алуу жана максатсыз пайдалануу фактылары боюнча Жер суу көзөмөл кызматы кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айыл аймагына караштуу Түндүк айланма жолуна рейд жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жайыт жердин ижарачылары жана жеке менчик ээлери курулуштан чыккан кум, шагыл жана таштандыралын төгүп мыйзам бузуу менен колдонгону аныкталды.

Жыйынтыгында 43 жаранга (жайыт жердин ижарачыларына жана жерди пайдалануу багытын бузган жеке менчик ээлерине) мыйзам чегинде кылмыш ишин козгоо үчүн түзүлгөн акт КРнын Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Маалымат үчүн, 2022-жылы 8-апрелде №109  КРнын Президентинин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” жана 2023-жылы 14-мартта №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар” жарлыктары чыккан.

Show More
Back to top button