Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Тамчылатып сугаруу системаларынын курулмаларын куруу боюнча – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Тамчылатып сугаруу системаларынын курулмаларын куруу боюнча

Жер Кодексинин 74-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине гидротехникалык курулуштардан, сугат айдоо жерлерине күнөсканалардын жана тамчылатып сугаруу системасынын курулмаларын курууга жол берилет. Ал эми ушул эле берененин 3-бөлүмүнө ылайык өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин, жерлердин башка түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жүзөгө ашырылат.

Жоготуунун жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу айыл чарба жерлерин айыл чарба багытындагы, токой, суу фондунун жана запастагы жерлердин категорияларынан айыл чарбалык жана токой чарбалык өндүрүшкө байланышпаган жерлердин башка категорияларына же чарба жеринин түрлөрүнө которууда, айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын орду жерлерди төмөнкүлөр үчүн которууда толтурулбайт:

айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу жана кургатуу үчүн арналган сугат тутумдарын куруу.

Жер участокторун жана айыл чарба багытындагы жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү, айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияга которууга төмөнкүлөр менен байланышкан учурларда жол берилет:

1) айыл чарба өндүрүшүн жүзөгө ашыруу үчүн жараксыз жерлерди токой фондунун, суу фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин курамына киргизүү менен;

2) бул объекттерди жайгаштыруунун башка жолдору болбогондо социалдык, коммуналдык-тиричиликтик багыттагы объекттерди, саламаттык сактоо, билим берүү объекттерин жайгаштыруу менен.

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун (№169) талаптарына ылайык жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча иштерди жүргүзүү үчүн негиз болуп жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жер участоктун жайгашкан жери боюнча райондун мамлекеттик администрациясына берилүүчү жеке жана юридикалык жактардын арызы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын өтүнүчү саналат.

Show More
Back to top button