Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токой кызматы ачык конкурс жарыялайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Токой кызматы ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик жарандык кызматтын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:

Билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

         10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Административдик  кызмат орундарынын  улук топтору  үчүн:

Билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4)  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

           6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:

Билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык  топтору үчүн:

1. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

2. Компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктуларды (Word, Excel) билүү, анын ичинде төмөнкү билгичтик:

– презентацияларды уюштуруу;

– издөө системаларын колдонуу;

– кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

– веб-конференц-байланышты уюштуруунун тиркемелерин колдонуу;

– логинди жана паролду орнотуу;

– компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.

  1. ялык талаптар “Токой өнөр жайы”

багыттары боюнча

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– токой чарбасы, табият таануу илимдер жаатындагы экология жана жаратылышты пайдалануу, биология, география, геодезия жана жерге жайгаштыруу жаатындагы кадастр жана жерге жайгаштыруу багыттары боюнча жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192  “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 27-майындагы № 231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 10-февралындагы № 97 “Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежелерин, токой породаларынын өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн таксаларын жана Кыргыз Республикасынын токой каптаган аянтын баалоо үчүн ченемдерди бекитүү жөнүндө”, 2013-жылдын 3-майындагы № 224 “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, мумия камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн таксаларды бекитүү жөнүндө”, 2015-жылдын 25-июнундагы № 417 “Конфискацияланган жаңгак уюлдарын, тамырларын жана жаңгак жыгачтарын эсепке алуунун, сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2023-жылдын 21-январындагы № 25 “Жерлердин бузулушу үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн Тартибин бекитүү жөнүндө”, 2013-жылдын 13-августундагы № 458 “Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин жана жер фондунун башка категорияларындагы токой баскан аянттардын нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2015-жылдын 13-октябрындагы №706 “Токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө”.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

 1. Кесиптик билим деңгээли:

– токой чарбасы, табият таануу илимдер жаатындагы экология жана жаратылышты пайдалануу, биология, география багыттары боюнча.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;

– законов Кыргызской Республики: “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192  “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 10-февралындагы № 97 “Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежелерин, токой породаларынын өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн таксаларын жана Кыргыз Республикасынын токой каптаган аянтын баалоо үчүн ченемдерди бекитүү жөнүндө”, 2015-жылдын 13-октябрындагы №706 “Токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө”, 2013-жылдын 13-августундагы № 458 “Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин жана жер фондунун башка категорияларындагы токой баскан аянттардын нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө”,

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

токой чарбасы, табият таануу илимдер жаатындагы экология жана жаратылышты пайдалануу, биология, география багыттары боюнча.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192  “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”.

  1. II.               Квалификациялык талаптар “Маалымат технологиялары”

багыттар боюнча

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– табият таануу илимдер жаатындагы экология жана жаратылышты пайдалануу, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика жаатында колдонмо информатика багыты боюнча,  маалыматтык системалар жана технологиялар багыттары боюнча жогорку билим, информатика жана маалыматтык технологиялар жаатындагы информатика жана эсептөө техникасы багыты боюнча жогорку билим,

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы ПЖ №64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгы.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

 1. Кесиптик билим деңгээли:

– табият таануу илимдер жаатындагы экология жана жаратылышты пайдалануу, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика жаатында колдонмо информатика багыты боюнча,  маалыматтык системалар жана технологиялар багыттары боюнча жогорку билим, информатика жана маалыматтык технологиялар жаатындагы информатика жана эсептөө техникасы багыты боюнча жогорку билим,

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”;

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика жаатында колдонмо информатика багыты боюнча,  маалыматтык системалар жана технологиялар багыттары боюнча жогорку билим, информатика жана маалыматтык технологиялар жаатындагы информатика жана эсептөө техникасы багыты боюнча жогорку билим,

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”.

  1. ялык талаптар “Экономика жана финансы”

багыттар боюнча

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– экономика жана башкаруу жаатында финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп багыттары боюнча жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;

– бухгалтердик жана финансылык эсептин жана отчеттуулуктун стандарттары, экономика жана Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык ишинин жана токой тармагынын ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик-укуктук актылары жөнүндө.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

  1. Кесиптик билим деңгээли:

– экономика жана башкаруу жаатындагы финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп, салыктар жана салык салуу багыттары боюнча жогорку билим;

– “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик сатып алуулар боюнча ырастоочу сертификаттын болушу.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;

бухгалтердик жана финансылык эсептин жана отчеттуулуктун стандарттары, экономика жана Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык ишинин жана токой тармагынын ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик-укуктук актылары жөнүндө.

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– экономика жана башкаруу жаатындагы финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп, салыктар жана салык салуу багыттары боюнча жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;

– бухгалтердик жана финансылык эсептин жана отчеттуулуктун стандарттары, экономика жана Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык ишинин жана токой тармагынын ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик-укуктук актылары жөнүндө.

  1. ялык талаптар “Юриспруденция”

багыттар боюнча

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– токой чарбасы, экология багыттары боюнча, экономика жана башкаруу жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык илимдер тармагындагы юриспруденция багыттары боюнча жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

Кыргыз Республикасынын Токой кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192  “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 27-майындагы №231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө”.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– экономика жана башкаруу жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча, гуманитардык илимдер жаатындагы юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 27-майындагы № 231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө”.

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатындагы жогорку билим, гуманитардык илимдер жаатындагы юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 27-майындагы № 231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө”.

  • ялык талаптар “Эл аралык кызматташуу”

багыттар боюнча

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– гуманитардык илимдер жаатындагы лингвистика, эл аралык мамилелер, табият таануу илимдер жаатында экология жана жаратылышты пайдалануу, экономика жана башкаруу жаатында экономика багыттары боюнча  жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Эл аралык келишимдер  жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”;

– Эл аралык жаратылышты коргоо конвенцияларынын, Кыргыз Республикасынын токой чарбасы жаатындагы стратегиясынын жалпы саясатынын (экологиялык коопсуздук концепциясы, токой тармагын өнүктүрүү Концепциясы, туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы ж. б.) ишмердүүлүгү.

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– гуманитардык илимдер жаатында эл аралык мамилелер багыты боюнча, табият таануу илимдер жаатында экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча, экономика жана башкаруу жаатында экономика багыты боюнча жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Эл аралык келишимдер  жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”.

  • Квалификациялык талаптар “Адам ресурстарын башкаруу”

багыттар боюнча

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– экономика жана башкаруу жаатында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык илимдер жаатында юриспруденция, табият таануу илимдер жаатында  экология жана жаратылышты пайдалануу багыттары боюнча жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө  5 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары:  2022-жылдын 2 – февралындагы ПЖ № 24  “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө”, 2022-жылдын 2-февралындагы №25 “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №356 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– экономика жана башкаруу жаатында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча, табият таануу илимдер жаатында экология жана жаратылышты пайдалануу, биология жана география багыттары боюнча  жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө  3 жылдан кем эмес иш стажы.

3.      Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары:  2022-жылдын 2 – февралындагы ПЖ № 24  “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө”, 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 “Сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн типтүү башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”.

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:

1. Кесиптик билим денгээли:

– гуманитардык илимдер жаатында юриспруденция, филология, лингвистика багыттары боюнча, табият таануу илимдер жаатында экология жана жаратылышты пайдалануу, биология багыттары боюнча  жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Предметтик тестирлөө үчүн билим:

– “Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы 140 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары:  2022-жылдын 2 – февралындагы ПЖ № 24  “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө”, 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө”;

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.

Конкурска катышуу үчүн көктөмөгө көктөлгөн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • формасы боюнча жеке арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
  • өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • форма боюнча сүрөт менен резюме;
  •  кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  •  нотариалдык жактан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн (бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.

Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2023-жылдын 20-декабрынан баштап 2024-жылдын 9-январынын  09.00 дөн 18.00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча: Бишкек ш., Л. Толстой көч., 3, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы, (каб. 19, телефон: 54-49-89, ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары).

Түшкү тыныгуу саат 12.30 дан 13.30 га чейин.

Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.

Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.

Show More
Back to top button