Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт

Бардык административдик мамлекеттик кызматтарга жалпы квалификациялык талаптар:

Мамлекеттик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:

Билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;

8) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;

9) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 3-март, 2020-жыл, №120;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

Билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, 3-март 2020 жыл        № 120;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:

Билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, 3-март 2020 жыл      № 120;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү.

Билгичтиги:

– Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишмердүүлүктүн артыкчылыктарын аныктоо, иш-чаралардын пландарын түзүү;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– – жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар аралык баарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;

– тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

– маалыматты жыйноо, талдоо,системалаштыруу жана жалпылоо;

– электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;

– презентацияларды уюштуруу;

– маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;

– кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

– кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.

1) Тармактык багыттагы  административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:  Мал чарбасы (биотехнология)

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: зоотехникалык, ветеринардык, биотехнологиялык.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-июну 2013-жыл, № 91;

–  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө Мыйзамынын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому 22-июнь 2015-жыл № 516;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерге.

Билгичтиги:

– ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

– таламдардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Көндүмдөр:

– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

– белгиленген форма боюнча пландарды, иш-чараларды, эсепке алууну жана отчеттуулукту түзүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

2) Тармактык багыттагы  административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:  Мал чарбасы (биотехнология)

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: зоотехникалык, ветеринардык, биотехнологиялык,биологиялык.

 2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

– “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-июну 2013-жыл, № 91;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 516 “Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү .

Билгичтиги:

– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.

– жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

3) Тармактык багыттагы  административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:  Мал чарбасы (асыл тукум)

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билими: зоотехникалык, ветеринардык.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетентттүүлүгү:

Билүү:

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө” Мыйзамы;

– “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-июну 2013-жыл, № 91;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому 22-июнь 2015-жыл № 516;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Жөндөмдүүлүгү:

– ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

– таламдардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Көндүмдөр:

– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– ченемдик укуктук актылар  менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

– белгиленген форма боюнча пландарды, иш-чараларды, эсепке алууну жана отчеттуулукту түзүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

4) Тармактык багыттагы административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:  Жайыт Геомаалыматтык тутум

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: жерге жайгаштыруу,агрономия, картография.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

– Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому,13-сентябрь 2013-жыл № 515;

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, 19-июнь 2009-жыл № 386;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

– ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу

– таламдардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Көндүмдөр:

– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

– белгиленген форма боюнча пландарды, иш-чараларды, эсепке алууну жана отчеттуулукту түзүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

5) Тармактык багыттагы административдик орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар: Жайыт Геомаалыматтык тутум

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билими: геодезия,жерге жайгаштыруу,гидротехникалык.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, 19-июнь 2009-жыл № 386;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.

– жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

6) Тармактык багыттагы административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:  юриспруденция

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: юридикалык.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

– Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын   2009-жылдын 20-июлундагы № 241″Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын” Жайыттар жөнүндө ” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому 22-июнь 2015-жыл № 516;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, иш-чаралардын пландарын түзүү;

– жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар аралык баарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;

– оор кырдаалдарда чечимдерди кабыл алуу;

– проблемаларды чечүүгө мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

– кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– өз ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– эл алдында чыгып сүйлөө.

Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– ойлорду так баяндоо, жумушчу мамилелерди орнотуу;

– конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

– ишкердик этикеттин эрежелерин билүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

7) Тармактык багыттагы административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:  маалымат технологиялар

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: ар кандай профилдеги

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ №17 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестри”;

– 2022- жылдын 2-февралындагы № 24 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №61 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобосу;

–  Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар” Мыйзамы;

Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

– ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

– таламдардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

– конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

– белгиленген форма боюнча пландарды, иш-чараларды, эсепке алууну жана отчеттуулукту түзүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

8) Тармактык багыттагы административдик орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар: адам ресурстары башкаруу

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: ар кандай профилдеги

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

– 2022- жылдын 2-февралындагы № 24 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №61 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобосу;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

– кадрдык эсепке алууну жүргүзүү;

– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.

– жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

9) Тармактык багыттагы регионалдык административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:  Мал чарбасы жана жайыт

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билими: геодезия, экономикалык, зоотехникалык, ветеринардык.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

– “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому,19-июнь 2009-жыл № 386;

– Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому,13-сентябрь 2013-жыл № 515;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

– жайыттар жана асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын аткарылышын мониторингдөө, талдоо жана контролдоону ишке ашыруу;

– Асыл тукум субьекттердин жана жаныбарларды жасалма уруктандыруу пункттарынын ишин контролдоо жана мониторинг жүргүзүү;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– асыл тукум материалдарын ташып келүүнү жана ташып чыгууну контролдоо;

– жайыттарды пайдаланууну башкаруу ,климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу маселелери боюнча консултация берүү жана асыл тукумдук эсепти жана контролду жүргүзүү.

Көндүмдөр:

– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

– белгиленген форма боюнча пландарды, иш-чараларды, эсепке алууну жана отчеттуулукту түзүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

10) Тармактык багыттагы регионалдык административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:  Мал чарбасы жана жайыт

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билими: зоотехникалык, экономикалык, жерге жайгаштыруу.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

– “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын;

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын;

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, 19-июнь 2009-жыл № 386;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди  билүү.

Билгичтиги:

– жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана мал чарбасын селекциялоо маселелери боюнча семинарларды, конференцияларды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана аларга катышуу

– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Көндүмдөр:

– аткарылган иштер жөнүндө отчетторду жана маалыматтарды өз убагында берүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди (скорошивательде) тапшыруу керек:
— форма боюнча жеке арыз;
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— форма боюнча резюмеси(сүрөтү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Конкурска катышкан адамдар кошумча сунуш каттарды берсе болот.

Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2023-жылдын 6-июлунан  2022-жылдын 17-июлуна чейин.
Сынакка катышуу үчүн документтер Чүй проспекти 315, 907 кабинет дареги боюнча кабыл алынат. (Укук, персоналды башкаруу жана маалыматтык технологиялар сектору), телефон аркылуу маалыматтар: 65 52 44
Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Show More
Back to top button