Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бакыт Төрөбаев жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме жыйын өткөрдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме жыйын өткөрдү.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук администрация башчылары-акимдер катышты.

Жазгы-талаа иштерин уюштуруу жана өз убагында өткөрүү жөнүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары М. Алияскаров баяндама жасады. Анда 2023-жылдын жыйынтыктары жана 2024-жылга карата пландар тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, Ысык-Көл облусунда картошка, Талас облусунда төө буурчак айдоо аянттарын кыскартуу жана кант кызылчасын отургузуу зарыл. Натыйжа болушу үчүн жайыт чөптөрүнүн уруктары себилген жайыттарга аймактарды тосуу зарылдыгын белгиледи.

Суу ресурстары кызматынын директору А. Сокеев 2023-жылдын сугат иштеринин жыйынтыктары жана 2024-жылдын пландары баяндама жасады. 2024-жылы республикалык бюджеттик каражаттарынын эсебинен 155 объектиде сууну эсепке алуу системасын орнотуу пландаштырылууда. 540,0 км чарбалар аралык каналдарды оңдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 863 гидротехникалык курулмаларды, 115 насостук станцияларды, 239 насостук агрегаттарды оңдоо жана 29 насостук агрегаттарды алмаштырылып, 9,8 км басым түтүктөрүн, 230,0 км коллекторлорду алмаштыруу пландаштырылууда. 70-80-жылдары курулган жөнгө салуучу бассейндерди реконструкциялоо боюнча иштер башталган, 2 БДР 2024-жылы толугу менен бүткөрүлөт, ал эми 5 БДРди реконструкциялоо 2025-жылы ишке ашырылат. 2024-жылы 7 насостук станция курулат, 59 скважина калыбына келтирилет, алардын ичинен 5 скважина кайрадан курулат, 6 БДРДА курулуш иштери жүргүзүлөт, алар 2025-2026-жылдары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Мындан тышкары 19 суу чарба объектисинде курулуш иштери жүрүп жатат, анын ичинен 9 суу чарба объектиси 2024-жылы пайдаланууга берилет.

Эпизоотиялык кырдаалдын туруктуулугун сактоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу, тамак-аш азыктарынын коопсуздугун жана идентификациясын камсыз кылуу жөнүндө ветеринардык кызматтын директору У. Кожобергенов баяндама жасады. Ал белгилегендей, өлкө аймагында өлгөн малдын этин (мервечина) сатуу фактылары аныкталган жана бул маселелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл.

2023-жылы ветеринардык кызматтын борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери өлкөдөгү мал союучу жайларга рейддерди жүргүзүүдө төмөнкүдөй мыйзам бузуулар аныкталган:

– Каракол шаарындагы убактылуу жабылган мал союучу жайда өлгөн малды (мервечина) союу фактысы;

– Ош шаарынын азык-түлүк базарында өлгөн малдын этин сөөктөн ажыраткан союу;

– Нарын облусунан Бишкек шаарына кулаган малдын этин ташыган транспорт каражаттары.

Show More
Back to top button