Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жерди жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан 11 айда бюджетке 18 миллион сом өндүрүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жерди жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан 11 айда бюджетке 18 миллион сом өндүрүлдү

Жерсуукөзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жалпы саны 1048 түзгөн, анын ичинде:

– пландуу текшерүүлөр – 327;

– пландан тышкары текшерүүлөр – 316;

– контролдук текшерүүлөр – 405.

Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдары менен биргеликте текшерүүлөрдүн саны – 429;

Пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө табылган бузуулардын саны 1635 түзгөн, анын ичинде:

– жер жаатында 968 бузуулар табылды;

– суу жаатында 667 бузуулар табылды.

Берилген жазма буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында, контролдук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 1000 бузуулар жоюлду.

Жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн, КРнын Укук бузуулар Кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 543 болду, анын ичинде:

 – жер жаатында 422, 

 – суу жаатында 121.

Отчеттук мезгилде коюлган доонун суммасы 46 607 685 сом түзүп, коюлган доолордун суммасынан жалпы 18 381 225 сом мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.

Мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу дооматтар коюлуп, 122 материал сот органдарына өткөрүлүп берилген, анын ичинде каралган иштер 65 жана кароодо турган иштер 57. Укук коргоо органдарына 136 материал өткөрүлдү.

Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө КРын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ № 109 Жарлыгынын аткаруу боюнча мыйзамсыз курулган обьектилердин саны – 670.

Show More
Back to top button