Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Доха шаарында “Кыргызстан” павильонунун ачылыш аземи болуп өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Доха шаарында “Кыргызстан” павильонунун ачылыш аземи болуп өттү

2023-жылы 26-ноябрында Катар мамлекетинин Доха шаарында Айыл чарба министринин орун басары А.А. Туйбаеванын катышуусунда “Кыргызстан” павильонунун ачылыш аземи болуп өттү.

Айыл чарба министрлиги улуттук көргөзмө оператору болуп саналат. Көргөзмөгө Кыргызстандан 20дан ашык компания катышууда. Павильонунун сыртын жасалгалоо үчүн Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан 40 даана 1,2 тонна салмактагы көчөттөр бөлүнүп берилген.

Айыл чарба министрлиги Улуттук көргөзмө оператору болуп саналат, иш-чараны уюштурууга Кыргызстандын элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги колдоо көрсөткөн.

Бул иш-чара өлкөнүн инвестициялык, айыл чарба, экономикалык, туристтик, климаттык маселелерин илгерилетүү үчүн жакшы эл аралык аянтча болуп саналат. Эске салсак, Доха шаарында өтуп жаткан ЭКСПО-2023 көргөзмөсү үстүбүздөгү жылдын 2-октябрынан тартып, 2024-жылдын 28-мартына чейин созулат.

Show More
Back to top button