Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Көлмө-сууларды колдонууга берүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Балык чарба департаментиЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Көлмө-сууларды колдонууга берүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-сентябрындагы №561 “Кыргыз Республикасындагы табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти, балыкчылык, балык уулоо жана балык өстүрүү максаттары үчүн көлмө-сууларды колдонууга берүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Сынакка 3 көлмө коюлуп, б.а. үч лот (лот №654, 154, 452). Жалпысынан 5 жеке жана юридикалык жактар сынакка катышуу үчүн документтерин тапшырышты.   

452-лот – боюнча бир гана катышуучу документтерин тапшырган, жобого ылайык бир арыз каралбагандыгына байланыштуу сынактык комиссия тарабынан  тапшырылган конверт ачылган эмес.              

Критерийлердин жана баалоо таблицасынын негизинде, эң жогорку упай алган төмөнкү катышуучулар сынактын жеңүүчүлөрү болуп эсептелди:

1.           Лот 654 

– Катышуучу 1, (Чотоев Т.) упайлардын саны 575;

– Катышуучу 2, (Осмонова Б.) упайлардын саны 508;

2.           Лот 154  

– Катышуучу 1, (Омурзаков Д.) упайлардын саны 550;

– Катышуучу 2, (Раймкулов М.) упайлардын саны 503;

Show More
Back to top button