Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатында эл аралык кызматташтык – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарТокой чарба кызматы

Токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатында эл аралык кызматташтык

 Токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатында эл аралык кызматташтык

  

 Токойлорго саясий көңүл буруунун өсүшүн жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 26-Конференциясында кабыл алынган токой жөнүндө жана жерди пайдалануу боюнча Глазго лидерлеринин  Декларациясын, Кыргыз Республикасынын Президенти  С.Н.Жапаровдун тоолуу токой экосистемаларын өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө демилгесин көӊүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой Кызматы республиканын токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатында эл аралык уюмдар менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты  өнүктүрүп келе жатат.
 Эл аралык  кызматташтыктын негизги багыттары:
  • чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекитүү;
  • токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу.

 Эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасы тарабынан токой секторунда кызматташтык боюнча Азиалык уюмду (AFoCO) түзүү жөнүндө Макулдашуу ратификацияланды. Аталган уюмга мүчө болуу республиканын токой ресурстарын туруктуу башкаруу үчүн финансылык ресурстарга жетүүнү камсыз кылат. Алдын ала сүйлөшүүлөрдүн алкагында AFoCO бир катар долбоорлорду карайт, алардын бири катары республикада токой үрөндөрүн сактоо үчүн мыкты шарттарды түзүүгө багытталган үрөн сактоочу жайды куруу боюнча долбоору саналат.

  Корея токой кызматы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө токойлорду калыбына келтирүүдө жана токой чарбалардын техникалык жана ресурстук потенциалын жогорулатууда Кыргызстанга колдоо көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүгө жетишилди.

  ФАО менен биргеликтеги иш аракеттердин алкагында Жашыл климаттык фонддун толук масштабдагы «Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттыкинвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)»долбоорун ишке ашырууга суммасы 29,9 млн. АКШ долл. турган алгачкы гранттык каражаттар тартылды.  

 Учурда Дүйнөлүк Банктын “Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоору аяктоо стадиясы алдында турат, ал  республиканын 13 пилоттук токой чарбаларында ишке ашырылууда, алар: Тоӊ токой чарбасы, Каракол токой чарбасы, Баткен токой чарбасы, Фрунзе токой чарбасы, Чүй токой аӊчылык  чарбасы, Ат-Башы токой чарбасы, Нарын токой чарбасы, Аксы токой чарбасы, Тоскоол-Ата токой чарбасы, Токтогул токой чарбасы, Талас токой чарбасы, Кара–Кулжа токой чарбасы, Үч-Коргон токой чарбасы. Долбоор республиканын токой чарбаларынын техникалык потенциалын жогорулатууда зор салым кошту.

           Германия эл аралык  кызматташтык боюнча уюму (GIZ) менен биргеликте «Жергиликтүү коомдор менен жаӊгак – мөмө токойлорун жана  жайыттарды башкаруу аркылуу биотүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу» долбоору ишке ашырылууда, жаӊгак жана мөмө – жемиш өндүрүшү үчүн бактарды отургузууда жамааттарга жана токой чарбаларга (Артык, Авлетим жана Аксы токой чарбалары) колдоо көрсөтүлүүдө.

           Токой Кызматы «Борбордук Азияда климаттын өзгөрүүсүн эске алуу менен интеграциялап жер пайдалануу” GIZ Регионалдык программасын жана “Казакстандын жана Кыргызстандын чек аралык райондорунда деградацияланган токой территорияларынын токойлорун калыбына келтирүү жана пилоттук токой өстүрүү” регионалдык долбоорун ишке ашырууда катышат, анын алкагында токойчулардын квалификациясын жогорулатууда жана ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгарууда консультативдик колдоо көрсөтүлүп жатат.

            Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташтыктын алкагында 2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда чек аралык аймактарда жаратылыш өрттөрүнүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча Макулдашууга кол коюлду.

         Бириккен Улуттар Уюмунун токой боюнча (UNFF) Форуму менен Бириккен Улуттар Уюмунун токой боюнча Стратегиялык планынын агымында кызматташтык жүргүзүү кеӊейтилип жатат, ал жалпы дүйнөлүк өнүгүү үчүн  актуалдуу жана зор мааниге ээ.

        Ошондой эле, ЕЭК БУУ/ФАОнун токой материалдары боюнча Комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын токой ландшафттарын калыбына келтирүүнүн Улуттук стратегиясы иштелип жатат.

         Кавказда жана Борбордук Азияда токой ландшафттарын калыбына келтирүү боюнча Бонн чакырыгынын алкагында  Кыргыз Республикасы 23 миӊ.га токойлорду жана 300 миӊ.га деградация болгон ландшафттарды 2030-жылга карата калыбына келтирүү  милдеттенмесин өзүнө алган.

         Токойлорду сактоо маселесинин маанилүүлүгүн көӊүлгө алуу менен, Токой Кызматы токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатында кеӊейтилген жана кеӊейтилген эл аралык  кызматташтыкты жүргүзүүгө даяр экендигин билдирет.

Show More
Back to top button