Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Некролог – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Некролог

Кыргызстандын айыл чарбасы орду толгус жоготууга учурады. Узакка созулган оорудан кийин 2023-жылдын 1-апрелинде 91 жаш курагында Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Халимов Рим Сабирович дүйнөдөн кайтты. Халимов Рим Сабирович, 1932-жылы Ташкент шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган.

1953-жылы мектепти аяктагандан кийин К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтуна тапшырып, 1958-жылы инженер-механик адистигине ээ болуп, окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган.

Ошол эле жылдан баштап ал Кант районундагы М.В. Фрунзе атындагы кызылча совхозунда устакананын башчысы жана башкы ишженер болуп иштеген.

1961-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине чакырылып, ал жерде Айыл чарба өндүрүшүн механизациялоо жана электрлештирүү башкы башкармалыгынын башчысы, андан кийин айыл чарба министринин орун басары болуп иштеген.

1977-жылы Нарын облустук Кеңешине депутат болуп шайланып, 1987-жылга чейин Нарын облустук Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенген.

1987-жылдан тартып Сокулук районундагы “Нижне-Чүй” совхозунун директору болуп дайындалып, пенсияга чыкканга чейин иштеген.

Пенсияда болуу менен 13 жыл Ысык-Көл облусундагы Кыргыз машина сыноо станциясынын “Золотые пески” пансионатынын башчысы болуп иштеген.

Халимов Рим Сабировичтин эмгек ишмердиги өлкөнүн жетекчилиги тарабынан жогору бааланган, ал “Эмгек Кызыл Туу” ордени (1971-жыл), “Ардак Белгиси” ордени (1976), эки “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамоталары” (1966 жана 1982-жж.) жана медалдар менен сыйланган.

1972-жылы “Пресстелген чөптү даярдоо үчүн машиналардын сериялык өндүрүшүн түзүү, өздөштүрүү жана эл чарбасына жогорку өндүрүмдүү комплексин киргизүү” боюнча эмгеги үчүн жана “Кыргызстан” ПС-1,6 пресс-подборщиктеринин конструкциясын иштеп чыгууга катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

1992-жылдан тартып Рим Сабирович Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген пенсионери болгон.

Халимов Рим Сабирович айыл чарба өндүрүшүнө, анын жаңы техникалык каражаттар менен жаңылануусуна жана алдыңкы технологияларды колдонууга арналган ондогон монографиялардын жана көптөгөн публистикалык макалалардын автору. Рим Сабирович таланттуу жетекчи катары гана эмес, стананын коомдук-саясий окуяларына активдүү катышкан коомдук ишмер катары да белгилүү болгон.

Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү уюштуруучу, жетекчи жана коомдук ишмер Халимов Рим Сабировичтин жаркын элеси анын кесиптештеринин жана анын ишин улантуучулардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун жакындарына жана туугандарына көңүл айтабыз, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз республикасынын Айыл

чарба министрлигинин коллективи

Айыл чарбаны механизациялоо,

инновациялык технологиялар

жана кооперациялоо

департаментинин коллективи

Show More
Back to top button