Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Арашан капчыгайында бак дарактар мыйзамсыз кыйылып жаткандыгы тууралуу социалдык түйүндɵрдɵ тараган маалыматка тактама – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Арашан капчыгайында бак дарактар мыйзамсыз кыйылып жаткандыгы тууралуу социалдык түйүндɵрдɵ тараган маалыматка тактама

Каракол токой чарбасынын Ак-Суу токойчулугунун Арашан капчыгайында бак дарактар мыйзамсыз кыйылып жаткандыгы тууралуу социалдык түйүндɵрдɵ тараган маалымат боюнча 2023-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин (мындан ары – Министрлик) Ысык-Кɵл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кɵзɵмɵлдɵɵ кызматкерлери тарабынан пландан сырткары текшерүү жүргүзүлгɵн.

Текшерүүдɵ аныкталган маалыматтарга ылайык, Ак-Суу токой бɵлүмүнүн № 7 кыдырмасынан, 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 3 жыгач кыюу билетинин негизинде 95 түп карагай дарагына тандалма санитардык кыюу иштери жүргүзүлгɵн. Анын ичинен ишке жарамдуусу 24,8 м3 жана отундук жыгачы 45,1 м3 түзгɵн. Учурда, № 0026296, 0026340, 0026341 жана 0026342 накладнойлор аркылуу 14 м3 ишке жарамдуу жана № 0026338 накладнойу менен 8 м3 кыйылган карагайлар суроо талап кылуучуларга (кардарларга) кое берилип, калган ишке жарамдуу 10,8 м3 жана отундук 37,1 м3 кесилген жыгачтар Арашан суусунун боюнда жаткандыгы аныкталган, бул  жергиликтүү жарандарга бɵүнгɵн, аба ырайына байланыштуу ɵз убагында алынып кетпеген отундук жыгач болгон, бул кɵрүнуш аныкталбаган маалымат катары коомчулукка таралып кеткен.

Белгилей кетүүчү жагдай, Министрликтин, Каракол токой чарбасынын жана УИА илимий кызматкерлеринин катышуусундагы жүргүзүлгɵн токой патологиялык изилдɵɵ (обследования) жумуштарында, жогоруда аталган мыйзамдуу токой кыюуга уруксат берилген токой аянтчасынын аймагында, токойлордун куурагандары, сынгандары жана чирип бара жаткандыктарынан улам, токой катары экологиялык функциясын жоготуп, токойлордун санитардык абалына, токой оору-илдеттеринин таралуусуна негиз болуучу жагдайлар аныкталган.

Ал эми, мыйзамдуу токой кыюуга берилген кɵлɵмдɵн сырткары, жалпы 6 түп карагайлардын мыйзамсыз кыйылып кетишине жол берилип кеткендиги аныкталган. Алардын ичинен, ɵсүмү токтогон 2 түп, шамалдан кулаган 3 түп жана 1 түп суу карагайлар болуп, жалпы кɵлɵмү 2,1 м3 түзгɵн.

Жогоруда кɵрсɵтүлгɵн мыйзамдуу токой кыюуга уруксаат берилген токой аянтынан, мыйзамсыз токойлордун кыйылышына жол берилген жагдайга байланыштуу жаратылышка келтирилген зыяндын ɵлчɵмү 5933,9 сомду түзгɵн жана кыюуга уруксат берилген карагайлардын 5 түбү кыйылбай калгандыктан, (недоруб) жыгач кесүү эрежесинин талабы бузулгандыгы белгиленгендиктен, кетирилген кемчиликтерди жоюнун үстүндɵ токтоосуз чара кɵрүү талабын аткаруу максатында Каракол токой чарбасынын мыйзам бузууга тиешелүү болгон кызматкерлерине – токойчуга жана токой бɵлүм башчысына тиешелүү тартиптик чаралар кɵрүлдү.

Show More
Back to top button