Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн чегирткелерге мониторинг жүргүзүү жана пестициддердин терс таасирин азайтуу боюнча тренинг өткөрүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн чегирткелерге мониторинг жүргүзүү жана пестициддердин терс таасирин азайтуу боюнча тренинг өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 25-29-мартында Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Суу Ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан, чегирткелерге мониторинг жүргүзүү жана маалыматты башкаруу, анын ичинде Автоматташтырылган маалыматтарды чогултуу системасы (ASDC), Кавказ жана Борбордук Азия чегирткелерин башкаруу системасы (CCALM), ошондой эле пестициддердин терс таасирин азайтуу боюнча тренинг өткөрүлдү. Окууга 7 облусттун адистери катышты. Ошондой эле тренингдин акыркы күнүндө Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагындагы жер-жерлерде практикалык иштер жүргүзүлүп, адистер Автоматташтырылган маалыматтарды чогултуу системасы (ASDC) менен өз алдынча иштешти.

Show More
Back to top button