Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2023-жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдык – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2023-жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдык

          2023-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү максатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмү жана ага карата болжолдуу керектүү көлөмдөгү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн даярдоо боюнча маалымат.

Республика боюнча буудай жана арпанын жалпы себүү аянты 490400 га, анын ичинен будай 250000 га, арпа 240400 га.

Дан эгиндеринин керектелүүчү көлөмү 66450,2 тонна жана камыздалышы 89,6%. Анын ичинен Республиканын үрөнчүлүк чарбаларында 9173 тонна жана чарбалык субъекттерде 50347 тонна.

Кант кызылчасынын жалпы себүү аянты 14500 га, керектелүүчү үрөнү 43,5 тонна, камсыздалышы 58 % түзүүдө.

Май өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 16852 га, керектелүүчү үрөн 1430,6 тонна камсыздалышы 99,5%.

Көп жылдык чөп өсүмдүктөрдүн себүү аянты 31041 га,керектелүүчү үрөн 1911,3га, камсыздалышы 50%.

Картошканын жалпы себүү аянты 80208 га, керектелүүчү үрөн 218259,5 тонна, жана камсыздалышы 97,8%.

Дан буурчактардын себүү аянты 55876 га, керектелүүчү үрөн 4472,3 тонна, жана камсыздалышы 99,8%

Жүгөрүнүн себүү аянты109537 га, керектелүүчү үрөн 2659,9 тонна, күтүлүүчү үрөн 2340,3 тонна камсыздалышы 88%.

Show More
Back to top button