Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жаңы жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча жигердүү иштер жүрүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жаңы жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча жигердүү иштер жүрүүдө

2024-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өндүрүшкө киргизүү максатында жаңы жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдү табуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө. Мындай өсүмдүктөрдү пайдалануу, биздин дыйкандарга жана фермерлерге кепилденген жогорку кирешени алууга, өстүрүлгөн айыл чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүн жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет.

Быйыл түстүү капуста, брокколи, брюссель капустасы, май зыгыры, дан соргосу, рапс, кулпунай, малина жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү сыяктуу демонстрациялык өсүмдүктөр айдалат. Бирок, кээ бир өсүмдүктөр үчүн, аларды пайдалануу максатка ылайыктуулугу жөнүндө суроолор пайда болот. Белгилей кетсек, аткарылып жаткан иштердин бардыгы биздин айылдык товар өндүрүүчүлөргө жогорку рентабелдүүлүктү камсыз кыла ала турган түшүмдү табуу максаты менен жасалууда.

Жалпысынан министрликте республиканын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн, атап айтканда республиканын бардык региондорунда жогорку маржиналдуу өсүмдүктөрдү өздөштүрүүнүн жана ишке ашыруунун ачык-айкын пландары жана иштеп чыгуулары бар.

Show More
Back to top button