Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министрлиги “Мыкты чарбакер” сынагын жарыялайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министрлиги “Мыкты чарбакер” сынагын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 20-октябрь – Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамына карата Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин (дыйкан-фермерлер) жана ишканаларынын арасында “Мыкты чарбакер” сынагын жарыялайт. Сынак айыл чарба тармагында төмөнкү 14 номинация боюнча өткөрүлөт:

– Кыргыз Республикасында органикалык чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн;

–  Кыргыз Республикасынын балык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн;

– агроөнөр жай комплексиндеги мыкты инновация үчүн;

–  айыл чарба чөйрөсүндөгү мыкты стартап үчүн;

– агроөнөр жай комплексиндеги илимий жетишкендиктери үчүн;

– мал чарбасындагы жетишкендиктери үчүн;

– мелиорациядагы жетишкендиктери үчүн;

–  мыкты механизатор;

–  мыкты багбан;

– мыкты ветеринар;

– үлгүлүү асыл тукум чарбасы;

– үлгүлүү үрөнчүлүк чарбасы;

– үлгүлүү айыл чарба кооперативи;

– мыкты айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жана өндүрүүчү.

Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышат. Аталган сынак Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын ишкердикти өнүктүрүүдөгү, айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларында айыл чарба жана өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүдөгү, жаңы жумуш орундарын түзүүдөгү ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында уюштурулуп жатат.

Show More
Back to top button