Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Көлмөлөрдө балык чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн конкурс өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Көлмөлөрдө балык чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн конкурс өттү

Балык чарба көлмөлөрүнүн акваториясынын жана алардын айрым тилкелерине балык өстүрүү, балык уулоо жана балык көбөйтүү максаттары үчүн пайдаланууга берүү боюнча 10-августта ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын отуруму болуп өттү.

Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамына Балык чарба департаментинин, Суу чарба жана Ветеринария кызматынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун жана Кыргызстандын балыкчылар ассоциациясынын өкүлдөрү кирди.

Ведомстволор аралык сынак комиссиясынын жыйынында жеке жана юридикалык жактардан түшкөн 16 арыз каралды.

Show More
Back to top button