Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токойлор жөнүндө маалымат жумалыгы өтүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Токойлор жөнүндө маалымат жумалыгы өтүүдө

2023-жылдын 10-13-октябрында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы Бириккен улуттар уюмунун ЕЭК/ФАО менен биргеликте Кавказ, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа аймактары үчүн Токойлор жөнүндө маалымат жумалыгын өткөрүүнүн алкагында Токой маалыматтык системалары боюнча аймактык семинар өткөрөт.

Кавказда жана Борбордук Азияда Бонн чакырыгынын алкагында токой ландшафттарын калыбына келтирүү боюнча  Кыргыз Республикасы өзүнө 23 миң га токойду жана 300 миң га деградацияланган ландшафттарды 2030-жылга карата калыбына келтирүү милдеттенмесин алган.

Кыргызстандын токойлору тоолуу болуп саналат, токой өсүмдүктөрүнүн 90% га жакыны деңиз деңгээлинен 700 метрден 2500 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан жана өлкөнүн калкынын 60% нын социалдык абалы толугу менен токойдон көз каранды.

Жаратылышты урпактарга сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун сунушу боюнча  “Жашыл мурас” улуттук кампаниясы ишке ашырылууда, анын алкагында жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн. көчөт отургузулат.

2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясынын стратегиялык багыттарынын бири, токой тармагы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана санариптик инфраструктураны киргизүү болуп саналат.

       Азыркы учурда санариптештирүүнүн алкагында токой секторун санариптештирүү боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө:

1.      Токойлорду башкаруунун маалыматтык системасы (ИСУЛ) маалыматтарды сактоо, талдоо, алуу жана берүү, башкаруу пландарын даярдоо жана башкаруу планын (сектордун башка тиешелүү индикаторлорун) ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү үчүн түзүлгөн. Система токой чарба ишмердүүлүгүнүн,  токой жайгаштыруу ж. б. иш процесстерин автоматташтырууну ишке ашыруу үчүн ички системасы болуп саналат.

2.      Токой кызматынын маалымат порталы. Портал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматка жетүүсүн ишке ашыруу үчүн ачык болуп саналат.

3.      “Жашыл – мурас” Интернет – платформасы. Платформа кызыктар болгон жеке жана юридикалык жактар үчүн Кыргызстандын токойлорун калыбына келтирүүдө же бак-дарактарды тигүүгө түздөн-түз катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн финансылык көмөк көрсөтүүдө коомдун кеңири катмары үчүн ачык.

4.      “Токойду пайдалануу” автоматташтырылган маалыматтык системасы токой чарбалары боюнча төлөмдөрдү идентификациялоо, МТФ токойду пайдалануучуларга акы төлөө үчүн натыйжалуу инструментти камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу жана учурдагы бизнес-процесстерди оптималдаштыруу үчүн түзүлгөн.

Show More
Back to top button