Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Нарын облусунда токой жайгаштыруунун талаа иштери аяктады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Нарын облусунда токой жайгаштыруунун талаа иштери аяктады

Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 84, 85, 86 беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-майындагы  «Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын бекитүү жөнүндө» № 231 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы «Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризациялоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндөгү» № 407 токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы  №699-т тескемеси менен бекитилген «2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттери планына» жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 24-январындагы № 24 буйругу менен бекитилген «2023-жылга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин иш-аракеттер планын», Токой кызматынын 2023-жылдын 11-мартындагы №01/1-8/45 буйругун аткаруу максатында Нарын облусунун мамленкеттик токой фондунда т.а Жумгал, Ак-Талаа жана Нарын токой чарбаларында, Жумгал, Ак-Талаа жана Нарын райондорунун мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынан сырткары жайгашкан токойлордо токой жайгаштыруунун талаа иштери 2023-жылдын 1-августунан жүргүзүлүп башталды. Ал эми Баткен облусунун Арка токой чарбасында токой жайгаштыруунун талаа иштери аяктады жана талаа иш кагаздары камералдык иштерди жүргүзүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Токой жайгаштыруунун талаа иштерин:

  1. Жумгал токой чарбасы – 93510,8 га;
  2. Ак-Талаа токой чарбасы – 81769,7 га;
  3. Нарын токой чарбасы – 139705,9 га;
  4. Арка токой чарбасы – 51147,0 га;
  5. Нарын облусунун Жумгал, Ак-Талаа жана Нарын райондорунун МТФнын, ӨКЖАнын жерлеринен сырткарткы токойлор – 26100 га.

Жалпысынан – 392 233,4 га жер аянтында жүргүзүү пландаштырылууда.

Токой жайгаштыруунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын 2023-жылдын 24-февралындагы №01/1-8/32 буйругун аткаруу максатында, 2023-жылдын 7-11-август күндөрү Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа жана Жумгал токой чарбаларында, Жумгал, Ак-Талаа жана Нарын райондорунун мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынан сырткары жайгашкан токойлордо токой жайгаштырууну жүргүзүү жана токой жайгаштыруу материалдарын колдонуу боюнча окутуу жана үйрөтүү иш чаралары жүргүзүлдү. Ошондой эле жамаатык машугуу болду.

  • Нарын токой чарбасында иш чарага 17 киши катышып окутуу иш чарасын Токой кызматынын токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгынын токой чарбачылык иш чараларын пландоо бөлүмүнүн башчысы М.Кадыров өткөрдү.
  • Ак-Талаа токой чарбасында иш чарага 16 киши катышып окутуу иш чарасын Токой кызматынын токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгынын токой чарбачылык иш чараларын пландоо бөлүмүнүн башкы адиси К.Кулиев өткөрдү.
  • Жумгал токой чарбасында иш чарага 18 киши катышып окутуу иш чарасын Токой кызматынын токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгынын токой чарбачылык иш чараларын пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Анарбек уулу Р. өткөрдү.
  • Нарын районунун мамлекеттик токой фондунан жана өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактарынан сырткары токойлордо иш чарага 7 киши катышып окутуу иш чарасын Токой кызматынын токой аӊчылык жайгаштыруу башкармалыгынын флора жана фаунаны инветаризациялоо бөлүмүнүн адиси С.Жаркынбаев өткөрдү.
Show More
Back to top button