Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан Аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттигине кеңсе жабдыктары тапшырылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан Аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттигине кеңсе жабдыктары тапшырылды

2021-жылдын 28-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигине ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан кеңсе техникаларын тапшырылды.

Белгилей кетсек, жабдыктар агенттиктин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында“Санариптик Кыргызстан 2019-2023” концепциясын ишке ашыруунун алкагында бекер берилген.

Мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Н.К Алишеров ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесине ыраазычылыгын билдирип, бул жабдыктар жергиликтүү бийлик органдары менен иштешүүдө техникалык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдап, калк үчүн муниципалдык кызматтарды автоматташтыруунун эффективдүү процессине салым кошот деп ишендирди.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” концепциясынын Жол картасынын алкагында муниципалдык кызматтарды санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана “InfoDocs”, “Санарип аймак” сыяктуу тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык тутумдар, мамлекеттик кызматтарды сапаттуу көрсөтүүдө олуттуу кадам катары санады. Ошондой эле, мындан ары да кызматташууга макул экенин билдирди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button