Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Брюссель менен айыл чарба багытында кызматташтык бекемделет – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Брюссель менен айыл чарба багытында кызматташтык бекемделет

Брюсселде өткөн Global Gateway форумунун алкагында кыргыз делегациясы тамак-аш өнөр жайындагы алдыңкы технологиялар менен таанышуу максатында Бельгиянын Фламанд аймагына (Фландрия) иш сапар менен барды.

Атап айтканда, делегациянын курамы Фландриянын бир нече ири компанияларынын иш ыргагы менен жеринде таанышты. Алсак, картошканы алдын ала кууруп, тоңдурууга адистешкен Вильсбек шаарындагы «Agristo NV» компаниясынын фабрикасын, Розеларе шаарындагы жүгөрү менен сулуну майдалаган «Maselis NV» компаниясынын ишканасын, «фермадан касапканага чейин» принциби менен иштеген Ауденарде шаарында жайгашкан «Blockeel» компаниясынын фермасын, эт цехин жана башка объектилерин көрүп чыкты.

1985-жылы түзүлгөн «Аgristo NV» компаниясы тоңдурулган фри картошкасын өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер катары саналат. Ал өз продукциясын 120дан ашык өлкөгө экспорттойт. Өндүрүш кубаттуулугу менен жогорку сапаттын стандарттарын карманган компаниянын ишмердүүлүгү Кыргызстандын айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай тармагы үчүн кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн пайда кылды.

«Maselis NV» фабрикасы болсо, дан азыктарын кайра иштетүүдө алдыңкы технологияларды колдонгон Европанын ири жеткирүүчүсү болуп саналат. Компаниянын негиздөөчүсү менен жолугушуу Кыргыз Республикасынын кайра иштетүү өнөр жайына инновациялык технологияларды киргизүү жана тажрыйба алмашуу жаатында масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкө ортосундагы айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө шарт жаралды. Мындан ары бул багытта өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү жана алдыңкы технологиялар менен алмашууга мүмкүнчүлүк пайда болду.

Show More
Back to top button