Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба кооперативдери тууралуу маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМеханизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти

Айыл чарба кооперативдери тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасында кооперативдердин түзүлүп иштеши үчүн баардык укуктар жана милдеттер  2004-жылдын 11-июнунда кабыл алынган “Кооперативдер жөнүндө” №70 Кыргыз Республикасынын Мыйзамында толугу менен жазылып ошонун  негизинде республиканын бардык тармактарында кооперативдер түзүлүп  иштер жүргүзүлүүдө.

Ал эми республиканын айыл чарбасында болсо негизинен өндүрүштүк, сервистик жана кайра иштетүү айыл чарба кооперативдери дыйканчылык, мал чарбасы жана кайра иштетүү тармактарында түзүлүп иштешип келүүдө.

Ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын негизинде Кыргызстан кооперативдер союзу түзүлүп, айыл чарба кооперативдери өндүргөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукцияларын биргеликте өндүрүү, кайра иштетүү жана  сатуу иштеринде иш жүргүзүүдө.

Министрлик айыл чарба кооперативдерин түзүү жана иштетүү иштерин үйрөтүп окутуу үчүн К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында ТИКА эл аралык кызматташтык жана өнүгүү уюму менен бирдикте айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жана айыл чарба кооперативдерин түзүү боюнча адистер менен фермерлерди окутуу  үчүн окуу борбору  ачылып иштеп жатат.

2021-жылда 45 айыл чарба кооперативдери түзүлүп,  2022-жылдын 1-мартына карата республикада  жалпы саны 525 болду,  аларга 76744,7   гектар айдоо аянты бекитилген жана  31582 айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү иштешет.

Республикада кооперативдик кыймылдын андан ары өнүгүшүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү чаралары жөнүндө” 2021-жылдын 9-февралындагы Жарлыгында (мындан ары Жарлык) өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Жарлыкта айыл чарба кооперативдерин, үрөн жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик фондусунун жерлеринин айыл чарбасын тейлеген ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылган. Учурда Жарлыктагы тапшырмаларды аткаруу үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат.

Show More
Back to top button