Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жер жана Суу кодекстеринин долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жер жана Суу кодекстеринин долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү

2023-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жер жана Суу кодекстеринин долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан ФАОнун колдоосу менен уюштурулду. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү, агроөнөр жай комплексинин, бизнес-секторлордун, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр жерлерди коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарды комплекстүү өркүндөтүүгө жана жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө, айыл аймактарды өнүктүрүүгө, пайдаланылбаган жерлерди чарбалык жүгүртүүгө тартууга, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жер пайдалануучулардын жер укуктарын кеңейтүүгө, ошондой эле аларды берүү тартибин жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Тегерек столдун катышуучулары Кодекстердин долбоору айыл чарба жана өлкөнүн экономикалык мамилелердин бардык комплексин камтышы керектигин белгилешти.

Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө бир катар маанилүү жана конструктивдүү сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков тегерек столдун катышуучуларына бул иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бардык сунуштар иш-кагазды толуктап иштеп чыгууда эске алынарын белгиледи.

Show More
Back to top button