Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Калыбаев Абдысатар Досалиевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Калыбаев Абдысатар Досалиевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

76 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгеги сиңген кызматкер Калыбаев Абдысатар Досалиевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Калыбаев Абдысатар Досалиевич 1946-жылы 28-августта Талас районунун Калба айылында туулган. Алгач Калба айылындагы жети жылдык, андан кийин Кырк-Казык толук орто мектебинде окуган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз айыл чарба институтуна тапшырып, аны 1968-жылы бүтүрүп, “окумуштуу агроном” адистигине ээ болгон.

Алгачкы эмгек жолун  ошол жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Кыргызстандын кант кызылчасы боюнча тажрыйба-селекциялык станциясында улук илимий кызматкер болуп, 11 жылга жакын жогоруда аталган станциянын сугат лабораториясынын башчысы болуп иштеген.

1978-жылы Ысык-Ата районунун “Сын-Таш” колхозунун партиялык уюмунун катчысы болуп шайланат. 2 жылдан кийин ошол “Сын-Таш” колхозунун башкармасы болуп 5 жылдан ашык эмгектенген. Андан кийин Ысык-Ата районунун партиялык комитетин экинчи катчысы, Эл депутаттарынын Ысык-Ата райондук Кенешинин аткаруу комитетинин председатели болуп эмгектенет. Партиялык жолдорду татыктуу басып өтүп, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын жардамчысы болуп иштөөгө тартылган. 1991-жылы Чүй облусунун айыл чарба башкармалыгынын башчысы болуп дайындалат. Жогорку көрсөткүчтөрүнүн артынан 5 жылдан ашык Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын (губернаторунун) агрардык саясат боюнча орун басары болуп иштейт. Андан кийин Бишкектеги “Эридан” финансы-өнөр жай корпорациясы акционердик коомунун агро-өнөр жай ишканасынын директору кызматты аркалайт. 2000-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы “Буудай” мамлекеттик ишканасынын айыл чарба башкармасынын башчысы, андан кийин пенсияга чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин айыл жана суу чарба маселелери боюнча кенешчиси болуп эмгектенет.

2007-жылдын тартып ардактуу эс алууга чыгат.

Калыбаев Абдысатар Досалиевичке көп жылдык эмгеги үчүн Кыргыз Руспубликасынын пенсиялар жөнүңдөгү Жобого ылайык персоналдык пенсия белгиленген.

Калыбаев Абдысатар Досалиевич өзүнүн терең билими, чечкиндүүлүгү, бийик моралдык-этикалык принциптери менен татыктуу кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болгон. Эмгектеги күжүрмөндүгү үчүн медалы, СССРдин саламаттыкты сактоо министрлигинин “отличниги” төш белгиси, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери ардак наамы жана башка сыйлыктар менен сыйланган. Ага мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чини ыйгарылган.

Калыбаев Абдысатар Досалиевич өз өмүрүн татыктуу жашап өттү. Ал айыл чарбасында өз доорунун мыкты өкүлү жана жаштардын ардактуу устаты болгон. Анын өмүр жолу – мамлекетке ак кызмат өтөөнүн жана күжүрмөн эмгектин үлгүсү.

Кыргызстандын татыктуу уулу Калыбаев Абдысатар Досалиевичтин жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.С. Джаныбеков, А.Ж. Жумагулов, А.Ф. Мукашев, Н.К. Алишеров, Н.Т. Шерипов, М.К. Байдылдаев, А.Р. Кулуев, Н.А. Карабаев, Б.Ю. Масаидов, М.М. Калыбаев, Б.С. Жолдошев, Э.С. Тентишев, А.А.Кенжебаева, Н.Ш. Курмантаев жана башкалар.

Show More
Back to top button