Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Балык жана сүт азыктарына коюлган чектөөлөр алынат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Балык жана сүт азыктарына коюлган чектөөлөр алынат

2023-жылдын 20-июнунда, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматын (мындан ары – Ветеринардык кызмат) директору А.Б. Жусупов менен Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (мындан ары-Россельхознадзор) жетекчиси С. А. Данкверт ортосунда онлайн форматта талкуу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ветеринардык кызматтын директору А. Жусупов Россельхознадзордун жетекчиси С. А. Данквертго Ветеринардык кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын балыкты кайра иштетүүчү жана сүт ишканаларына карата Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарын бузууларын жоюу боюнча зарыл иш-чаралардын комплекси жөнүндө маалымат берди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде, Россельхознадзор Кыргыз Республикасынын “Нурагрорыбпром”, “Дары Природы” балык иштетүүчү ишканаларынан “күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл” статусу менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын “Ак-Булак Плюс”, “Ак-Жалга”, “Жайыл Милк” жана “Ала-Тоо сүт” сүт ишканаларынан “күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл” макамы менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынат.

Россельхознадзор Кыргыз Республикасынын аталган ишканаларынан балык жана сүт азыктарын Россия Федерациясынын аймагына жеткирүүнү жандандырууну чечти.

Россельхознадзор Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган ишканаларынан убактылуу чектөөлөрдү алып салгандыгы тууралуу расмий ырастоосу күтүлүүдө.

Ветеринардык кызмат Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу жана Евразия экономикалык бирлигинин ишканаларынын Реестрине Кыргыз Республикасынын жаңы ишканаларын алардын даярдыгына жараша киргизүү боюнча зарыл иштерди туруктуу режимде жүргүзүүдө.

Show More
Back to top button