Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстандын дыйкандары жердин абалын спутник аркылуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстандын дыйкандары жердин абалын спутник аркылуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

Мерсико уюмунун SIBELIUs долбоору Кыргыз маалымат кубунун сервердик жабдууларын жана программалык камсыздоолорун Бишкектеги Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтуна акысыз түрдө тапшырды. Бул долбоор Улуу Британиянын Космос агенттигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып келет.

Кыргыз маалымат кубу спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу  жайыттардын абалы, кардын запасы, температура жана кургакчылык жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан ары Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка мамлекеттик органдар  спутниктик байкоо жүргүзүү менен жердин абалын изилдеп, тенденцияларын көрүп, керектүү чараларды аткара алышат.

Долбоордун өкүлдөрүнүн айтымында, бул технологиялык чечим Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени Кыргызстандын калкынын 60% дан ашыгы айыл чарба тармагында иш жүргүзөт. Климаттын өзгөрүшүнөн улам өлкөдө сугат суунун жетишсиздиги жана кургакчылык байкалууда. Бул көйгөй жайыттардын деградациясына алып келет. 

 Кыргыз маалымат кубунда акыркы 5-10 жылдагы Кыргызстан жөнүндө маалыматтар жана спутниктик сүрөттөрдүн архиви сакталган. Ошондой эле,  куб күн сайын жаңы маалыматтар менен толукталып турат. Маалымат кубунун программалык камсыздоосунун жардамы менен  спутниктик сүрөттөр санариптик жана визуалдык маалыматтарга айландырылат.

Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдѳѳ институту коммерциялык эмес илимий мекеме. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Потсдам шаарындагы Германиялык Жерди изилдөө борбору тарабынан негизделген. Институт табигый кырсык коркунучтарды азайтуу, суу ресурстарын башкаруу жана Борбордук Азиядагы глобалдык өзгөрүүлөргө адаптациялоо боюнча илимий жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button