Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
«Кыргыз Республикасынын картографиялык жана геодезиялык изилдѳѳчүлүк» жана «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары» АМСтери – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

«Кыргыз Республикасынын картографиялык жана геодезиялык изилдѳѳчүлүк» жана «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары» АМСтери

           «Санариптик Кыргызстан» программасын ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги алдындагы Жер ресурстары боюнча кызматынын «Мамкартография» мамлекеттик мекемеси тарабынан «Кыргыз Республикасынын картографиялык жана геодезиялык изилдѳѳчүлүк» жана «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары» деген автоматташтырылган маалымат системалары иштелип чыккан.

           «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары» АМСин түзүүнүн негизги максаты Кыргыз Республикасынын аймагына карата географиялык объекттердин аталыштары колдонулган картографиялык, басма, санариптик продукцияны түзүүдѳ бардык юридикалык жана жеке жактардын категориялары үчүн милдеттүү түрдѳ пайдалана турган географиялык объекттердин бирдиктүү (жалпы) базасын түзүү саналат. 

           Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары» АМСинин базасына 10281 географиялык объект жѳнүндѳ геобайланышкан маалыматтар киргизилген. Базага географиялык аталыштарды киргизүү процессинде ошондой эле, бийиктик жана башка белгилер боюнча 25000ден ашык геобайланышкан маалыматтар киргизилген.

           Азыркы учурда платформа www.kyrgyzmap.kg геопорталында тесттик режимде “Кыргыз Республикасынын жер-сууларынын аталыштары” бѳлүмүндѳ ишке киргизилди да, айрым техникалык моменттерди толуктоо иштери жүргүзүлүп жатат.

           «Кыргыз Республикасынын картографиялык жана геодезиялык изилдѳѳчүлүк» АМСи Кыргыз Республикасынын картографиялык жана геодезиялык жактан изилдѳѳ боюнча маалымат базасын башкаруу, тактоо, толуктоо үчүн түзүлгѳн. Ал картографиялык жана геодезиялык изилдѳѳчүлүк маалыматына пайдалануучулардын кеӊири санына жетишүүгѳ мүмкүнчүлүк түзѳт.

         Бул системаны негизги максаты болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картография-геодезиялык фондунун бардык материалдарын жана маалыматтарын санга (электрондук форматка) которуу үчүн мүмкүнчүлүктѳрдү (шарттарды) түзүү саналат.

Бул платформанын иштѳѳ принциби бардык геодезиялык жана картографиялык маалыматтарды сканерленип, аларды корголгон сактоочу жайда (серверде) сактоого багытталган. Мындан тышкары, ал ырааттуу түрдѳ сактоону жана керек болгон геодезиялык жана картографиялык маалыматты тез табууну камсыз кылат.

Азыркы учурда эки АМС Мамкартографиянын www.kyrgyzmap.kg геопорталында жайгаштырылган.

Show More
Back to top button