Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токойлордо өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Токойлордо өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча

Ɵрт коопсуздугун алдын алуу максатында токой чарбалары райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү) менен биргеликте өрт өчүрүү үчүн атайын ыкчам топтор түзүлүп, тийиштүү шаймандар менен 41 даана УАЗ авто унаасы даярдалып өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 28 өрт кырсыгы катталып, мамлекеттик токой фондусунун жалпы 155,1 га жер аянты күйгөн, келтирилген зыян 12 962 242,9 сомду түзүп, 47 808 сом өндүрүлгөн.

Белгилей кетчү жагдай Балыкчы токой чарбасынын Көк-Мойнок токойчулугунда 2023-жылы апрель жана май айларында эки өрт кырсыгы катталып, 42 га жер аянты жабыркап, келтирилген зыян 10 млн 648 миң 260 сомду түзгөн.

Келтирилген зыянды өндүрүү жана өрттүн кесепетин аныктоо максатында, укук коргоо органдарына тийиштүү материалдар өткөрүлүп берилип, бүгүнкү күндө кароодо.

Өрт кырсыктары аба-ырайынын ысык болушу жана кургакчылыктан келип чыгууда жана өрт кырсыктарына көпчүлүк учурда адам баласы себепкер болууда. Ошол себептен бардык инсандарды токойлордо өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырабыз.

Show More
Back to top button