Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токтогул суу сактагычына 4 миллион Толстолобик былыгынын чабактары коё берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Токтогул суу сактагычына 4 миллион Толстолобик былыгынын чабактары коё берилди

2022-жылы Токтогул балык чарба мамлекеттик ишканасы «Максимум Фиш» жана «Токтогул балыгы» жоопкерчилиги чектелген коомдору менен биргеликте Токтогул ГЭСинин суу сактагычында өзгөчө ири өлчөмдө балык өстүрүү боюнча иштерди толугу менен жүргүзүүдө.

Азыркы учурда, кубаттуулугу 150 тонна балык өстүрүүгө ылайыкталган капастары орнотулуп, балык өстүрүлүп жатат. Мындан тышкары, дагы 550 тонна балык өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берген балык капастарынын тетиктери Россия Федерациясынан алынып келинди.

Ошондой эле, жогоруда аталган ишканалар тарабынан инфраструктураны жакшыртуу боюнча дагы иштери жүргүзүлүп жатат. Чоң-Арык айылынын Жаңы-Арык айылына чейин узундугу 15 чакырым жолунун оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Тагыраак айта кетсек, 100 машина кум-шагыл төгүлүп, сугат суусунун арыктары өткөн жерге асбест материалынан жасалган жогорку сапаттагы трубалар орнотулуп, грейдер менен түзөө иштери жүргүзүлдү. «Максимум Фиш» жана «Токтогул балыгы» жоопкерчилиги чектелген коомдору тарабынан жалпысы 500 000 сомдук каражат жумшалды.

«Максимум Фиш» ишканасы демөөрчүлүк ирээтинде А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинин жатаканаларын капиталдык ремонттон өткөрүп, оңдоо иштери жүргүзүлүп, азыркы учурда эмеректерин тапшырык менен жасатып жаткандыгын билдиребиз. «Максимум Фиш» жана «Токтогул балыгы» жоопкерчилиги чектелген коомдору тарабынан жалпысы 700 000 сомдук жумуштар аткарылууда.

Мындан тышкары, «Максимум Фиш» ишканасы тарабынан Токтогул районунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-аракеттери пландаштырылып, жакынкы арада ишке ашырыла тургандыгын билдиребиз.

Жалпы 10 садок орнотулуп, 3 садокто 90 000 форель балыгы багылууда. Балыктын бүгүнкү күндөгү салмагы бир балык 700-800 грамм.

Ошондой эле Токтогул суу сактагычына 4 миллион Толстолобик былыгынын чабактары коё берилди.

Show More
Back to top button