Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынган продукцияны экспорттоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарӨсүмдүктөрдүн карантини департаментиХимиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаментинин

Карантинге алынган продукцияны экспорттоо

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 2022-жылдын 26-августунан 1-сентябрга карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 7 миң 369 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын экспортунун негизги көлөмү жемиштер подкарантиндик продукцияга туура келип 3 миң 108 тоннаны түздү. Чүй областынан жемиштер 2 миң 379 тоннаны  түзүп  Россия,  Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон. Ыссык-Көл областынан 2 тонна абрикос Араб өлкөлөрүнө экспорттолду.  Ош областынан жемиштер (хурма, алма, шабдаалы, жүзүм, алмурут, анар, кара өрүк) 695 тонна Россия өлкөсүнө экспорттолду.

Жашылчалардын да экспорттук көлөмү жогорулап 1 миң 512 тоннаны түзүп, Чүй областынан 953 тонна жашылчалар Россия,  Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолду. Ош областынан жашылчалардын экспорттук көлөмү 159 тоннаны түзүп Россия өлкөсүнө экспорттолду. Талас областында кызыл калемпир 395 тоннаны түзүп Казакстан, Белоруссия, Россия өлкөлөрүнө, ал эми картошка 2,6 тоннаны түзүп Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолду.

Жаңгак подкарантиндик продукциясынын экспорттоо көлөмү 427 тоннаны түзүп, Чүй, Ош, Жалал-Абад областарынан Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолду.

Show More
Back to top button