Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2020-жылдын январь-июль айындагы айыл чарба жана тамак-аш азыктарынын экспорту боюнча анализ – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2020-жылдын январь-июль айындагы айыл чарба жана тамак-аш азыктарынын экспорту боюнча анализ

(Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча)

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү (Бажы статистикасынын маалыматтарынын негизинде), жөнөкөйлөтүлгөн тартипте эсепке алынган жеке адамдардын тышкы соода көлөмүн кошкондо, 2019-жылдын январь-июль айларында 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу айыл чарба продукциялары боюнча 21,7 % төмөндөп 3083,7 млн. АКШ долларын түздү. Экспорттук жөнөтүүлөр 1,7% жогорулап 1129,2 млн. АКШ долларын түздү.
Ошону менен бирге 2020-жылдын январь-июль айларында айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын азыктары жалпысынан 10282,5 млн. сомго экспорттолгон, бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилинин көрсөткүчүнөн 5,9 % (сом менен) аз. Анын ичинде:
• Мал чарбачылыгынын продукциялары жалпысынан 979 216,6 млн. сомго же 13 200,8 миң АКШ долларына экспорттолгон, бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилинин көрсөткүчүнөн улуттук валюта менен 198,9 % жогору, АКШ доллары менен 187,0 % жогорулаган.
Анын ичинен:

  • тирүү малды экспорттоо 28 081,0 миң баш 7 880,0 миң АКШ долларын түздү бул 2019-жылдын тийиштүү мезгилинин көрсөткүчүнөн 20 956,0 миң башка аз, бирок акчалай түрдө 5 560,5 миң АКШ долларына төмөн;
  • тери жана булгаары заттарын экспорттоо 112 556,0 миң даананы түзүп же 394,0 миң АКШ долларына былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 24 200,0 миң даанага аз болгону менен акчалай 104,1 миң АКШ долларына көп жөнөтүлгөн.
  • балдын экспорту 223,8 тоннаны түзүп же 782,2 миң АКШ долларына былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 10,2 тоннага көп жөнөтүлгөн же акчалай 281,4 миң АКШ долларына аз жөнөтүлгөн.

• Өсүмдүк продукциялары боюнча 2019-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу улуттук валютада 10,3 %га төмөндөп, 4480,1 млн. сомду түздү. Ал эми АКШ долларында да 14%га төмөндөгөн жана 61596,7 миң. АКШ долларын түздү.
Бул көрсөткүчтөр өсүмдүк продукцияларынын дээрлик көпчүлүк продукцияларынын экспорттук көлөмүнүн жогорулашынан келип чыккан.
Анын ичинде:

  • жашылча жана жемиштер 151 280,7 тонна 60 391,3 миң. АКШ долларга экспорттолуп, 2019-жылдын көрсөткүчүнөн экспорттун көлөмү 6,5 % жогорулап, акчалай жагынан төмөндөп 13,5% түздү. Мындай ажырым жашылча-жемиштердин сатуу баасынын төмөндөшүнөн келип чыккан.
    Анын ичинде:
  • картошканын 26 492,1 тонна экспорттолуп, бул 2019-жылдын көрсөткүчүнөн 6,5 % жогору. Акчалай түрдө экспорт 13,5% төмөндөп 3 809,2 миң. АКШ долларын түздү.
  • Сабиз, шалгам башкалар экспорту 2 319,7 тоннаны түзүп 620,9 миң АКШ долларына экспорттолгон. 2019-жылдын тиешелүү мезгилинин көрсөткүчүнө салыштырмалуу Акчалай түрдө экспорт 44,6% төмөндөп, экспорттун көлөмү 61,9% төмөндөдү.
  • пияздын экспорту 4 711,5 тоннаны түзүп 1 086,3 миң АКШ долларына экспорттолгон. 2019-жылдын тиешелүү мезгилинин көрсөткүчүнө салыштырмалуу Акчалай түрдө экспорт 66,2% төмөндөп, экспорттун көлөмү 73,4 % төмөндөдү.
  • жашылча-жемиш кургатылган буурчак 77 088,2 тонна экспорттолуп, бул 2019-жылдын көрсөткүчүнөн накталай түрдө 66,9% жогору. Акчалай түрдө экспорт 25,3% төмөндөп 26 675,4 миң. АКШ долларын түздү.
    • алманын көлөмү 6 516,6 тонна түзүп же 2 964,9 миң АКШ долларына экспорттолгон, бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилинин көрсөткүчүнөн накталай түрдө 41% төмөндөдү, Акчалай түрдө 48,6% төмөндөгөн.
  • пахтанын 6 704,9 тонна экспорттолуп, бул 2019-жылдын көрсөткүчүнөн накталай түрдө 31,8% төмөндөдү. Акчалай түрдө экспорт 34,9% төмөндөп 9 831,8 миң. АКШ долларын түздү.

• Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы
2019-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу улуттук валютада 11,3% га төмөндөп, 4823,1 млн. сомду түздү. Ал эми АКШ долларында да 16,7 % га төмөндөгөн жана 64967,2 миң. АКШ долларын түздү.
Анын ичинен:

  • сүт продукцияларынын 19 129,6 тонна 26 477,7 миң. АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу экспорт натуралдык түрдө 27,1 %га, ал эми акчалай көрсөткүчтөр 11,7 %га жогорулаган.
    Ал эми, эт жана эт азыктары 372,3 тоннаны түзүп, 1 103,2 миң АКШ долларына экспорттолгон. 2019-жылга салыштырмалуу экспорттун көлөмү нарктык мааниде алганда 4,0 эсеге азайган.
  • тамеки жана тамеки буюмдарын 233,4 тонна 839,9 миң. АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу экспорт натуралдык түрдө 72,7 %га, ал эми акчалай көрсөткүчтөр 63,8 %га төмөндөгөн.
  • сигаралар жана тамеки 770 160,0 млн. даана 7 209,4 миң. АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу экспорт натуралдык түрдө 51,5 %га, ал эми акчалай көрсөткүчтөр 49,3 %га төмөндөгөн.

2020-жылдын январь-июль айларындагы жалпы республикалык экспорттун көлөмүнүн 12,4 % бөлүгүн айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын экспорту түздү, ал эми 2019-жылдын тиешелүү мезгилиндеги бул көрсөткүч 14,1%ды түзгөн.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button