Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Венгриядан тиешелүү тармактын адистери КР окутууларды өткөрөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Венгриядан тиешелүү тармактын адистери КР окутууларды өткөрөт

2022-жылдын 22-мартында КР Айыл чарба министринин орун басары                      М.К. Байдылдаевдин Венгриянын Айыл чарба жана табигый илимдер университетинин (MATE) ректору, доктор Дюрица Чаба менен жолугуушусу болуп өттү.

 Жолугушууга ошондой эле Венгриянын КР Элчилигинин коммерциялык атташеси – Перизат Мурат-Банхеди, коммерциялык атташенин жардамчысы – Тахмина Закирова, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун окуу иштери боюнча Биринчи проректору – А.Ш. Эргашев, К.И. Скрябин атындагы КУАУнун илимий иштер боюнча Проректору – У.А. Шергазиев. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан кадрларды башкаруу бөлүмүнүн башчысысы Н.Т. Жумабаева, Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу -Б.Н. Омурова жана Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси – Нурамидин уулу К. катышышты.

 Жолугушууда М.К. Байдылдаев КР Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери үчүн жана айыл чарба жаатындагы тиешелүү адистиктер боюнча Д.Чаба мырзага Венгриянын Айыл чарба жана табигый илимдер университети (MATE) менен магистратура, аспирантура программалары боюнча Меморандум түзүү (10 квотага чейин бөлүү) сунушун айтты. Д.Чаба мырза кабыл алуучу тарапка өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, өткөн жылы Будапештте болгон “Планета Будапешт-2021” саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри – А.С. Жаныбеков менен болгон жолугушуусу жөнүндө айтып берип, аталган жолугушууда тараптар кызматташуу ниетин билдиришип, тактап айтканда, Кыргыз Республикасына айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн, анын ичинде жүгөрү үрөнүн экспорттоо боюнча маселесин талкуулашкандыгы жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле, Д.Чаба мырза Венгриянын гибриддик жүгөрү илимий-изилдөө институтунун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин тиешелүү институттары менен кызматташуу кызыкчылыгын билдирип кетти.

Мындан тышкары, Д.Чаба мырза айыл чарба тармагындагы кадрларды даярдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, бул үчүн Венгриядан тиешелүү тармактын адистери КР келип, тиешелүү окутууларды өткөрүп, жеринде заманбап технологияларды үйрөтүү боюнча ниети бар экендигин билдирди. Ал, ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын тиешелүү адистери Венгрияга барып окуп келүү боюнча  мүмкүнчүлүккө ээ боло алаарын айтып кетти (окутуу жеринде да өтүшү мүмкүн).

Д.Чаба мырза стипендиялык программалар боюнча “Хунгарикум” (Hungaricum) окуу программасы бар экендиги, анын алкагында Венгриянын Өкмөтү тарабынан студенттерге стипендиялар бөлүнөрү, мындан тышкары студенттерге БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму аркылуу стипендиялар бөлүнөрү жөнүндө маалымат берди.

Show More
Back to top button