Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Балык чарба департаменти тарабынан энелик балыктарды кармоого документтер бериле баштады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Балык чарба департаменти тарабынан энелик балыктарды кармоого документтер бериле баштады

Балык чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 172 “Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, балык чарба көлмөлөрүндөгү балык запастарын жасалма түрдө көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашылып 2024-жылга карата болжолдуу планы бекилди.

Бекитилген болжолдуу пландын аткарылышы 2023-жылга салыштырмалуу балык чарба маанидеги көлмөлөрдөгү балык запастарын 10%га көбөйтүүнү камсыздайт.

Ысык-Көл форелинин урук чачуу мезгилинин башталышына байланыштуу, балык уруктарын даярдоо жана жасалма жол менен инкубациялоо үчүн Ысык-Көл форелинин жумурткаларын жыйноо үчүн Департамент тарабынан энелик балыктарды кармоого тиешелүү документтер бериле баштады.

Аталган иш-чаралараны төмөнкү ишканалар жүргүзөт: «Тоң балык заводу» мамлекеттик ишканасы жана «Ысык-Көл плюс» адистештирилген балык өстүрүү айыл чарбалык кооперативи. Иш-чаралар 2023-жылдын 10-сентябрынан тартып, форель балыгынын урук таштоо мезгили аяктаганга чейин, б.а. үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына чейин уланат.

Show More
Back to top button