Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мурат Раматов Айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Мурат Раматов Айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Раматов Мурат Садинович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Раматов К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «экология жана жаратылышты пайдалануу» адистигин аяктаган. Мындын сырткары, Бишкек гуманитардык университетинин «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистигин бүтүргөн.

Айыл чарба тармагында 2000-жылдан бери эмгектенип келет.

2021-жылы май айында Ош облусунун Өзгөн районунун акими болгон. 

Мурат Раматов 2022-жылдын июнь айынан 2022-жылдын сентябрына чейин «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Региондорду өнүктүрүү жана каржылоо башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.

2022-жылдын 19-декабрынан тарта Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары.

Show More
Back to top button