Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Агроөнөр жай кластерин кредиттөө” долбооруна өзгөртүүлөр киргизилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Агроөнөр жай кластерин кредиттөө” долбооруна өзгөртүүлөр киргизилди

2022-жылы 9 агроөнөр жай кластери түзүлүп, 2023-жылы 7 кластер кошулган жана 2024-жылы 2 кластер түзүлдү: жүгөрү жана жүзүмчүлүк.

Кластерлерди өнүктүрүүнү колдоо максатында 2022-жылы 10,0 млрд сом, 2023-жылы 7,0 млрд сом каралган, ар бир кластер үчүн 1,0 млрд сомдон жана лизинг үчүн 1,0 млрд сомдон каралган.

2024-жылы 17,0 млрд сом агроөнөр жай кластерлеринин ортосунда бөлүштүрүүсүз берилет, алардын ичинен:

– 12,8 млрд сом – 18 кластер үчүн;

– 4,2 млрд сом-айыл чарба жабдууларын жана техникасын, ошондой эле айыл чарба жаныбарларын лизингге алуу үчүн.

Мурда агрегаторлор бир гана кластерден катышуучу болуу менен 150,0 млн сомго чейин ала алышса, эми жалпы суммасы 300,0 млн сомго чейин болгон бир нече кластерлерде насыя алууга жол берилет.

Буга чейин кластерлердин бардык катышуучулары үчүн кластердик агрегатор менен келишимдин болушу талап кылынган, азыр органикалык өндүрүш жана тоок жумурткасы кластердик субъектилер үчүн агрегаторлорго жеткирүү боюнча келишимдин кереги жок.

Мурда 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар ишканалар гана агрегатор боло алса, азыр стартаптар дагы башка далилденген киреше булактары бар болсо, кластердик өнүктүрүү Кеңешинин негизделген сунушунун негизинде жеңилдетилген каржылоону ала алышат.

Ошондой эле 2024-жылдан тартып лизингдик операцияларды “РСК Банк” ААК ишке ашыра баштайт, буга чейин “Айыл Банк”ААК гана ишке ашырып келген.

Жогоруда аталган өзгөртүүлөр фермерлер жана кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан келип түшкөн сунуштардын негизинде кластерлерди өнүктүрүү жолу менен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан бөлүнүүчү жеңилдетилген каражаттарга жетүүнү жакшыртуу максатында киргизилген.

Кластерлерди өнүктүрүү аркылуу агроөнөр жай комплексин диверсификациялоо жана модернизациялоо продукциянын өндүрүмдүүлүгүн, сапатын жогорулатууга, чыгымдарды кыскартууга жана экспорттук потенциалды жогорулатууга өбөлгө түзүлөт. Бул ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Show More
Back to top button